Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:10

Ташиев менен Ятимов Тажикстанда чек ара маселесин талкуулады


Камчыбек Ташиев (солдо) менен Саймумин Ятимов. Бустон, Тажикстан. 1-6-июль, 2024-жыл
Камчыбек Ташиев (солдо) менен Саймумин Ятимов. Бустон, Тажикстан. 1-6-июль, 2024-жыл

Тажикстандын Согд облусундагы Бустон шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары - кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту.

Тараптар кыргыз-тажик чек арасынын чечиле элек тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулашты. Жыйынтыгында атайын өкмөттүк топторго бул тилкелерде тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

Өкмөттүн сайтында ошондой эле 1-6-июль күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өткөнү кабарланды. Анда “тараптар чек ара сызыгынын калган тилкелерин баяндап жазуу тууралуусунуш алмашты.

Кийинки жолугушуу Кыргызстанда болот.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл аягында Баткенге барганда Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын айтышкан.

Чек ара такталбагандыктан суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта байма-бай чыр-чатактар катталып келген. 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында чек арада кандуу кагылышуулар болгон. (JsA\ZKo)

XS
SM
MD
LG