Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

Чуңкурчуктагы окуя: Милиция Fly Jump спорт комлексинин ээсин кармады


Сүрөт "Flyjump" спорт комплексинин Инстаграмм баракчасынан алынды.
Сүрөт "Flyjump" спорт комплексинин Инстаграмм баракчасынан алынды.

Аламүдүн районундагы Чуңкурчак капчыгайындагы Fly Jump спорт комлексинде болгон кырсыкка шек саналып аталган жайдын ээси, 28 жаштагы Н.А. аттуу жаран кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, аскадан секирүү учурунда адам өлүмү менен коштолгон кырсык боюнча Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси ("Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү") менен кылмыш ишин козгогон. Буга иш тууралуу топтолгон материалдар жана маркумдун жакындарынын арызы негиз болгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

6-июль күнү саат 13:30 чамасында Чуңкурчак капчыгайындагы Fly Jump спорт комлексинде аскадан секирүү учурунда аркан үзүлүп кетип, 39 жаштагы кыргызстандык жаран каза болгон. 25 метр бийиктиктен кулап түшкөн адамга медициналык жардам көрсөтүү аракети болгону, бирок андан майнап чыкпаганы кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG