Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:04

УКМК кармалган деструктивдүү топтун өкүлдөрү "бийликти күч менен басып алууну көздөгөнүн" билдирди


УКМКнын сүрөттөрүнөн коллаж. 6-июль, 2024-жыл.
УКМКнын сүрөттөрүнөн коллаж. 6-июль, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 5-июль күнү кармалган деструктивдүү топ тууралуу түшүндүрмө берди.

6-июлда кечке жуук таратылган маалыматта, коопсуздук кызматы Бишкек шаарынын аймагында жарандардын өлүмү менен коштолгон массалык башаламандыктарды уюштуруп, бийликти күч менен басып алууну көздөгөн адамдардын тобунун аракеттерине бөгөт коюлганын билдирди. Ошондой эле алар белгилүү бир деструктивдүү саясий күчтөрдүн таасири астында аракеттенип келишкени айтылган.

Маалыматка ылайык, бул адамдар быйыл 31-августта Бишкектин четинде бардык аймактардан келген жаштарды, анын ичинде алдын ала даярдалган күчтөрдү топтоо үчүн спорт оюндарын уюштурууну пландаштырышкан.

"Бул спорттук иш-чарага элди Бишкек шаарына жөө жүрүшкө үндөш үчүн айрым оппозиция лидерлерин чагымчыл катары чакыруу пландалган. Андан соң, алдын ала даярдалган деструктивдүү спортчулардан жана кылмыштуу элементтерден турган адамдардын тобу кырдаалдан пайдаланып, чогулган элди Бишкек шаарына алып барып, жол боюнда зордук-зомбулук, каракчылык, өрттөө, мүлктү жок кылуу менен коштолгон массалык баш аламандыктарды уюштуруп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды колдонуп, бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн", - деп жазылган маалыматта.

Коопсуздук кызматынын түшүндүрмөсүнө караганда, кармалгандар "жыл башынан бери бийликти күч менен басып алуу үчүн кылмыштуу чөйрөнүн адамдары менен жолугушууларды өткөрүшкөн, керектүү курал-жарак, рация, чагымчыл аракеттерди уюштуруу үчүн милиция жана башка күч түзүм кызматкерлеринин кийимдерин, ок өтпөс соотторду сатып алып, даярдык көрүшкөн".

Маалыматта ошондой эле 6-июлда кармалган беш адам: К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б., 21-августка чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабарланып, бирок кайсы соттун чечими ага негиз болгону ачыкталган эмес.

Мекеме 5-июлда Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирген. 6-июлдагы маалыматында бул топ өлкө башчыларына кол салууну көздөшкөнү аныкталганы айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG