Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:25

Орусияда "террорчу жана экстремисттер" тизмесинде 79 өспүрүм бар


Согушка каршы акциянын катышуучусу Владимир Путин жана Александр Лукашенконун "аскердик кылмышкерлер" деп жазылган сүрөтү менен. Лондон, 26-март, 2022-жыл.
Согушка каршы акциянын катышуучусу Владимир Путин жана Александр Лукашенконун "аскердик кылмышкерлер" деп жазылган сүрөтү менен. Лондон, 26-март, 2022-жыл.

Алардын эң кичүүсү - 14 жаштагы Глеб Синицынды "террорчу жана экстремисттердин" тизмесине "Росфинмониторинг" мамлекеттик мекемеси 5-июлда киргизди. Ушуну менен Иваново шаарынын тургуну Синицын орус бийлигинин "террорчу жана экстремист" тизмесиндеги 79-өспүрүм болуп калды.

"Холод" долбоору маалымдагандай, тизмеде Калуга шаарынын 15 жашар тургуну Руслан Валиулин Санкт-Петербургдан Егор Лаускис жана Кемероводон Артем Ляшенко да бар.

Мындан тышкары тизмеде 16 жаштагы 16 өспүрүм, ошондой эле 17 жаштагы 34, 18 жаштагы 49 улан-кыз катталган.

Булардын көпчүлүгү "терроризм" жана "экстремизм" беренелери менен соттолгондор жана айыпталгандар. Айрымдары темир жолдогу өрт үчүн айыпталышкан. 14 жаштагы Егор Лаускис былтыр жашы жете электердин абагына "украиндердин тапшырмасы менен темир жолдогу релени" өрттөгөнү үчүн кесилген.

Мурдараак "Новая газета Европа" басылмасы, быйылкы үч айда "Росфинмониторинг" "террорчулар менен экстремисттердин" тизмесине 669 адамды киргизгенин жазган.

"Террорчулар менен экстремисттердин" реестри 2001-жылы киргизилген. 2013-жылдан тарта тизмедегилердин баары финансылык операция кылуу, мураскер болуу укугунан ажыратылган. Банк карталарына чектөө киргизилген. Айлык акысынан да атайын уруксаттын негизинде гана аз өлчөмдө акча чечип ала алат.

XS
SM
MD
LG