Си Цзинпин Кытай Тажикстандын "аймактык бүтүндүгүн" колдой турганын билдирди

Эмомали Рахмон менен Си Цзинпин, Дүйшөмбү, 2024-жыл

Кытайдын лидери Си Цзинпин Тажикстандагы расмий сапары учурунда Бээжин Тажикстандын "аймактык бүтүндүгүн" колдой турганын баса белгиледи. AFP маалымат агенттиги жазгандай, Цзинпин Бээжиндин Дүйшөмбү менен дипломатиялык алакасын ар тараптан өнүктүрүү дымагын да жарыялады.

Кытайдын лидери коңшу өлкөгө Астанада өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинен кийин эле дароо барган.

Кытайдын мамлекеттик телеканалдары эки лидердин сүйлөшүүсүндө Бээжин Дүйшөмбү менен достук мамилесин, кызматташтыгын өнүктүрүүдө жана "өлкөнүн көз карансыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоодо" колдоо көрсөтүү ниетин жарыялаганын жазышты.

Си Цзинпин Кытай менен чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ортосунда бир катар инфраструктуралык макулдашууларга кол коюлган учурда Борбор Азияга келди.

Астана саммитинде Цзинпин Орусиянын президенти Путин менен сүйлөшүп, аймактык уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларын "тыштан кийлигишүү аракеттерине каршы турууга" чакырган.

Дагы караңыз

"Жаңылануунун жаңы барагын ачабыз". Британияда өкмөт алмаштыЧуулгандуу иштерди караган эки судья кармалды Кремлдин сынчысы, камактагы Владимир Кара-Мурза түрмөнүн ооруканасына которулдуКытайга балык жана жемиш экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлдүТүркиялык футболист жосунсуз жоругу үчүн оюндан четтетилдиИранда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат