Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:16

Түркиялык футболист жосунсуз жоругу үчүн оюндан четтетилди


Мерих Демирал
Мерих Демирал

Түркия-Австрия беттешинде эки гол киргизген түркиялык Мерих Демирал "Бозкурт" кыймылынын символикалык ишаратын көрсөткөнү үчүн эки оюнга четтетилди.

Европа биргелешкен футбол ассоциациясынын (UEFA) Дисциплинардык комитети мындай чечимди 5-июлда расмий сайтында жарыялады.

Маалыматта UEFA түрк курамасы коргоочу "жүрүм-турумдун негизги эрежелерин бузганы жана футболдун аброюна шек келтиргени үчүн" жазаланганы кабарланган.

Жума күнү Түркиянын футбол федерациясы жана Мерих Демирал Спорттук арбитраж сотуна (CAS) бул чечимге каршы арыз жөнөткөнү кабарланды. Эгерде чечим өзгөрбөсө, түркиялык футболист 6-июлда Түркия менен Нидерланддын чейрек финалдык беттешине чыга албайт.

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатынын 1/8 финалында 2-июлда түрк тарап австриялыктарды 2-1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан. Оюнда Демирал экинчи жолу гол киргизгенден кийин, Түркиядагы "Бозкурт" кыймылы менен байланыштырылып келген "көк карышкыр" белгисин эки колу менен көрсөткөн.

Ошол эле күнү Германиянын ички иштер министри Ненси Фазер өзүнүн X баракчасында: "Стадиондорубузда түрк ашынган оңчулдардын белгилерине орун жок, Европа футбол чемпионатын расизм аянтчасы катары колдонууга жол бербеш керек", - деп жазган.

Бейшембиде Демиралдын жосунуна байланыштуу Германиянын Тышкы иштер министрлигине Түркиянын Берлиндеги элчиси, Германиянын Анкарадагы элчиси Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылган.

Ал эми Мерих Демирал түрк телеканалдарына курган маегинде, беттеште эмоцияга алдырганын, эч кандай чакырык жасабаганын айтат.

Белгилей кетсек, "бозкурт саламы" катары белгилүү болгон жаңсоого Австрияда 2019-жылы "экстремизм жана саясий ислам менен күрөшүү" деген жүйө менен тыюу салынган.

"Бозкурттар" менен Түркиядагы Улуттук элдик партиясынын (MHP) байланышы бар. Аталган партия - президент Режеп Тайып Эрдогандын партиясынын саясий өнөктөшү. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG