Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:57

Кытайга балык жана жемиш экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлдү


Бактагы өрүк. Иллюстрациялык сүрөт.
Бактагы өрүк. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпиндин Астанадагы ШКУ саммити алкагында өткөн жолугушуусунда эки протоколго кол коюлган. Ага ылайык, Кыргызстан Кытайдын базарына балык жана данектүү жемиштерди сатууга мүмкүнчүлүк алды.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

"Кыргызстан Кытайга балык менен жемиштерди экспорттоодо анын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылууга милдеттүү. Эки тарап кол койгон протоколдо текшерүү жана карантин үчүн катаал стандарттар менен процедуралар белгиленген. Бул азыктын бардык зарыл талаптарга жооп беришин кепилдейт", - деп жазылган маалыматта.

Экинчи протокол Кыргызстандан Кытайга жаңы бышкан данектүү жемиштерди - өрүк менен жана шабдалы сатуудагы талаптарды жөнгө салат.

Маалыматта айтылгандай, эки тараптуу жетишилген келишимдер Кыргызстандын экспортунун көлөмүнүн өсүшүнө жана кыргыз өндүрүүчүлөрүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, аларга дүйнөдөгү ири рыноктордун бирине жетүү менен эл аралык рыноктогу позициясын чыңдоосуна өбөлгө түзөт.

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны 4-июлда Казакстандын Астана шаарында өттү. Ага Казакстандын, Индиянын, Ирандын, Кытайдын, Кыргызстандын, Пакистандын, Орусиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Беларустун, Монголиянын, Азербайжандын, Катардын, Түркиянын лидерлери жана өкмөт башчылары катышты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жыйын алдында Астанада Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жекече жолугушууларды өткөрдү.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG