Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:09

Кремлдин сынчысы, камактагы Владимир Кара-Мурза түрмөнүн ооруканасына которулду


Орусиядагы оппозициячыл активист Владимир Кара-Мурза сотто. 17-апрель, 2023-жыл.
Орусиядагы оппозициячыл активист Владимир Кара-Мурза сотто. 17-апрель, 2023-жыл.

Омскидеги катаал режимдеги түрмөнүн администрациясы 4-июлдун кечинде 25 жылга кесилген оппозициячыл саясатчы Владимир Кара-Мурзаны жабык жайдын ооруканасына которгону маалым болду. Бул тууралуу анын жубайы Евгения жума күнү билдирди.

Анын айтымында саясатчы полинейропатия оорусу менен жабыркайт. Бул илдет анда эки жолу катуу уландыруудан улам пайда болгон.

19-июнда Владимир Кара-Мурзаны өтө катаал шартта кармоочу жайга которгонун анын мурдагы адвокаты Вадим Прохоров билдирген. Жактоочунун айтымында, Орусиянын колонияларында эң катаал шартта кармоо тартибинин эки түрү бар, алардын бири – камералык типтеги жай.

Прохоров Кара-Мурзаны ошондой жайга жарым жылга камашканын, бул мүмкүн болгон эң узак мөөнөт деп эсептелерин, колониянын ичиндеги өзүнчө түрмө экенин жана андай жайда абак тартибин одоно бузгандар гана камаларын айтты.

Кара-Мурзаны, адвокаттын айтымында, абак кызматкери талап кылгандай колун артка көтөрүүгө бир нече секунд үлгүрбөй калганы үчүн жазалап жатышат.

Саясатчы, тележурналист, режиссёр, публицист, саясий туткун Кара-Мурза 2022-жылы кармалып, «мамлекетке чыккынчылык кылган, армия тууралуу фейк маалымат тараткан жана «туура эмес» уюм менен кызматташкан» деген айыптардын негизинде 2023-жылы 17-апрелинде катаал тартиптеги колонияга 25 жылга кесилген. Ал жаза мөөнөтүн Омск шаарындагы абакта өтөөдө.

Өзү жана тарапташтары ал саясий жана жарандык позициясы үчүн гана куугунтукка алынып жатканын белгилеп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG