Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:56

Иранда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат


Иранда президенттик шайлоодо добуш берип жаткандар. 5-июль, 2024-жыл.
Иранда президенттик шайлоодо добуш берип жаткандар. 5-июль, 2024-жыл.

Иранда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. Мурдагы президент Эбрагим Расинин күтүүсүз өлүмүнө байланыштуу мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан шайлоодо мурдагы депутат, ардагер-реформист Масуд Пезешкиян жана катаал режимдин жактоочусу, Улуттук коопсуздук боюнча улук кеңештин мурдагы катчысы Саид Жалили ат салышууда.

Экөө 28-июнда өткөн шайлоонун биринчи айлампасында алдыга чыккан.

Шайлоо Иранда экономикалык кризис күч алып, жашоо деңгээли төмөндөп кеткен чакта өтүүдө.

Жалили - Улуттук коопсуздук боюнча улук кеңештеги Жогорку руханий лидери Али Хаменинин жеке өкүлү. Ал 2007-2013-жылдары аталган кеңештин катчысы болгон.

Бул маалда Батыш менен Тегеран ортосундагы сүйлөшүүлөрдө иран делегациясын жетектеп турган.

Пезешкиян 2008-жылдан бери парламент мүчөсү болуп, 2016-2020-жылдары спикердин орун басары кызматын ээлеп турган. Ал Иран бийлигинин милдеттүү түрдө хижаб кийүү боюнча чечимин сынга алып, Батыш менен сүйлөшүүлөрдү жактаган. Ошол эле маалда шайланса, Хаменеинин саясатын жолдорун убада кылууда.

Серепчилер белгилегендей, бул жолку шайлоо Иран саясатындагы өзгөрүүлөргө деле алып келбейт. Болгону Ирандын 1989-жылдан берки Жогорку руханий лидери, 85 жаштагы Хаменеинин мураскери ким болот деген маселеге таасирин тийгизиши мүмкүн.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасында добуш берүүгө укуктуулардын 39,9% гана катышкан.

Хаменеи мындан улам калкка кайрылып, "Исламды, Ислам республикасын жакшы көргөндөр муну шайлоого катышуу менен туюнтушу керек" деп айтып жатты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG