Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти. Бул тууралуу Президенттин администрациясы кабарлады.
Мамлекет башчысы бул сапардын алкагында 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө-өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.
Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы “Транспорт, байланыш жана климаттык ишмердүүлүк аркылуу туруктуу келечекти калыптандырууну камсыз кылуу” болуп саналат.
Саммитте уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлери жаратылыш коркунучтарынан келип чыккан табигый кырсыктарга, климаттын өзгөрүшүнө жамааттык жооп кайтаруу чараларын жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн транспорттук өз ара байланышын бекемдөөнү талкуулашат.
Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов, транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жана башкалар бар.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 3-4-июль күндөрү Казакстандын Астана шаарында болуп, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйына катышты. Жапаров жыйындын алдында Астанада Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жекече жолугушууларды өткөрдү. (ErN)
Дагы караңыз
Бишкекте жаңы “Ош базарды” камтыган көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталдыСот Адахан Мадумаровдун мандаты боюнча арызын четке какты"Электр станциялары" ишканасына жаңы жетекчи дайындалдыДене тарбия жана спорт академиясынын ректору кармалдыБишкектин көчөлөрүнөн 100 жарнама такталары алындыБШК эки округдагы шайлоодо Тыналиев менен Салымбековду жеңүүчү деп тапты11 журналисттин иши боюнча соттук кароо уландыМосквада кармалган кыргызстандык аялдын иши тергелип бүттү Чет элдик экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө паспорт алууга көмөктөшкөн адамдар кармалды