Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү орто жалпы билими жөнүндө документтерди тапшырды. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтында жарыяланды.
Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик үлгүдөгү аттестаттары эки форматта – электрондук жана кагаз түрүндө даярдалып, берилди.
Учурда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси негиздеген “Күбөлүк” https://attestat.edu.gov.kg/kuboluk/login платформасы иштеп жатат. Анда бүтүрүүчүлөрдүн документтери Түндүк сервисинин базасында сакталат.
Платформада бүтүрүүчүлөрдүн аты-жөнү “Түндүк” сервисинен алынат. Бүтүрүүчүнүн жеке идентификациялык номерин терген маалда автоматтык түрдө анын паспортундагы аты-жөнү системага түшөт.
Эгерде бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын алуу үчүн убара болбойт. Порталдан аттестат/күбөлүктүн дубликатын чыгарып алса болот.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда 2023-2024-окуу жылында 11-классты 76 миң 244, 9-классты 127 миң 176 бүтүрүүчү аяктайт. (ErN)
Дагы караңыз
Судьялар кеңеши эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бердиИзраил жана ХАМАС сүйлөшүүлөр кайрадан уланганын билдиришти Жогорку соттун төрагасы судьялардын кармалышынан улам сотторго эскертүү бердиУлуу Британияда парламенттик шайлоо өтүп жататКинорежиссер Турсун Усенов дүйнөдөн кайтты Милиция спортчу Ален Офойонун кайрылуусуна жооп берди ШКУ саммити бул уюмга Беларусту кабыл алуу менен ачылды