Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:23

ШКУ саммити бул уюмга Беларусту кабыл алуу менен ачылды


Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко.
Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко.

Казакстанда бүгүн 4-июлда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) кезектеги саммити Беларусту бул бирикмеге кабыл алуу менен башталды.

"Беларус уюмга толук мүчө болууга зарыл талаптарды аткарды", – деди саммитти ачып жатып Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев.

Беларус ШКУнун Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн кийинки онунчу мүчөсү болуп калды.

Саммитке жалпысынан 16 өлкөнүн өкүлү, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш жана бир катар эл аралык уюмдун жетекчилери катышууда. Анда талкуулана турган негизги маселелердин бири «эл аралык жана аймактык актуалдуу проблемалар» экени айтылган.

Саммит алкагында биринчи жолу "ШОС плюс" жолугушусу өтөрү, анын темасы "Адилеттүү тынчтык, ынтымак жана өнүгүү үчүн дүйнөлүк биримдик жөнүндө" деп аталары кабарланган.

ШКУ 2001-жылы Орусиянын жана Кытайдын демилгеси менен түзүлгөн. Бирикменин негизги максаттарынын бири аймактык коопсуздукту бекемдөө менен катар экономикалык, илимий-техникалык жана маданий тармактардагы байланыштарды өнүктүрүү экени белгиленип келет. Беларус ШКУга кирүү арызын 2022-жылы берген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG