Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:52

Судьялар кеңеши эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди


Соттун кесиптик аспабы. Иллюстрациялык сүрөт.
Соттун кесиптик аспабы. Иллюстрациялык сүрөт.

Судьялар кеңеши Чүй облустук сотунун К.У.Ж. жана А.Т.А аттуу судьяларын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.

Судьялар кеңеши Башкы прокуратуранын аталган судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун 3-июлда караган.

Кеңештин мүчөлөрү Тартип комиссиянын баяндамасын угуп, Башкы прокуратуранын сунушун канааттандыруу жана президентке аталган судьяларды ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш жиберди.

Маалыматка ылайык, кеп болуп жаткан судьялар Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси (“Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү”), 343-беренеси (“Опузалап пара алуу”), 342-беренеси (“Пара алуу”) жана 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыпталып жатат.

Жогоруда аталган К.У.Ж. жана А.Т.А деген инициалдарга Чүй облустук сотунун сайтындагы Калыбеков Улукбек Жолдошевич менен Абдырашитов Тилек Арстанбекович аттуу судьялардын аты-жөнү дал келет.

Буга чейин Kaktus.Media басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Чүй облустук сотунун эки судьясын кармаганын маалымдаган. УКМК азырынча бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Быйыл 15-майда Жогорку Кеңештин жыйынында 2023-жылы судьяларга каршы 760 арыз түшүп анын негизинде 35 судья тартиптик жазага тартылып, дагы 8 судья ар кандай жагдайда кызматтан кеткени маалымдалган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG