Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:18

Улуу Британияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Кир Стармер (солдо) жана Риши Сунак.
Кир Стармер (солдо) жана Риши Сунак.

Улуу Британияда бүгүн 4-июлда парламенттик шайлоо өтүп жатат, анын жыйынтыгында солчул-борборчул Лейбористтер партиясы Өкүлдөр палатасында басымдуу көпчүлүккө ээ болуп, жаңы өкмөт куроо укугун алышы мүмкүн деп болжолдонууда.

Шайлоо бекеттери эртең мененки саат 7де ачылды, алар кечки саат 10го чейин иштейт. Британиялык жалпыга маалымдоо каражаттары экзитпол сурамжылоолорунун жыйынтыгын добушканалар жабылар замат жарыялайт.

Дээрлик бардык баштапкы сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, Улуу Британияны 14 жылдан бери башкарып келе жаткан консерваторлор бул жолу 650 орундун 100үнөн көбүн ала албай калышы ыктымал. Азыркы тапта аларда 345 депутаттык орун бар. Би-би-си жазгандай, лейбористтер 400дөн көп орунга ээ болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Reuters агенттигинин суроосуна жооп берип жатып шайлоочулардын бири, социалдык кызматкер Натали Уилс:

«Өзгөрүүгө мезгил келип жетти деп ойлойм. Консерваторлор жергиликтүү кызматтарды дээрлик жок кылышты. Кир Стармерге мүмкүнчүлүк беришибиз керек. 14 жылдан берки абалды жакшырта тургандар келиши зарыл», - деген оюн айтты.

Добуш берүү алдында премьер-министр Риши Сунак шайлоочуларды Улуу Британияны лейбористтердин көпчүлүктү алышынан «сактап калууга», консерваторлорго добуш берүүгө чакырды.

Соңку сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, лейбористтер лидери Кир Стармерди британдыктардын 44 проценти, ал эми азыркы премьер-министр Сунактын өкмөтүн 23 проценти колдоодо.

Reuters агенттиги жазгандай, британдыктардын консерваторлордон оолактоосуна алардын партиянын ички карама-каршылыктары жана сегиз жылда беш жолу өкмөт башчыны алмаштыргандан кийинки жаралган белгисиздик себеп болууда. Коронавирус пандемиясынан жана Орусиянын Украинага кол салуусунан улам жаралган кымбатчылык да таасир этип жатканы, 2020-жылы Улуу Британиянын Европа Биримдигинен чыгышынын таасири да бар экени белгиленүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG