Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:20

Жогорку соттун төрагасы судьялардын кармалышынан улам сотторго эскертүү берди


Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен видео байланыш аркылуу кеңеш өткөрүп жаткан маалы. 4-июль, 2024-жыл.
Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен видео байланыш аркылуу кеңеш өткөрүп жаткан маалы. 4-июль, 2024-жыл.

Бүгүн, 4-июлда, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен видео байланыш аркылуу ыкчам кеңешме өткөрүп, Чүй облустук сотунун судьялары менен болгон акыркы көрүнүштү талкуулады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Базарбеков анда мамлекет бардык органдардагы коррупцияны жоюу боюнча эң катаал чараларды көрүп жатканын белгилеп, сот системасы да андан четте калбасын дагы бир жолу эскертти.

“Сот системасында жеке кызыкчылыгы бар судьяларга “орун жок” деп бир нече жолу эскерткенимен, тилекке каршы, айрымдары жыйынтык чыгарбагандыгы көрүнүп турат. Мен дагы бир жолу эскертип коёюн, укук коргоо органдарынын мындай көрүнүштөрдү жоюу жана өзүн булгаган судьялардан арылуу боюнча иш-аракеттерине мен, Жогорку соттун төрагасы катары колдоо көрсөтөм”, – деди анла Замирбек Базарбеков.

Жогорку соттун төрагасы эгер соттор арасында пара менен кармалып, коррупцияга жол берип жаткан көрүнүштөр болсо, мындай судьяларга жана аппарат кызматкерлерине катуу чаралар көрүлө тургандыгын айтты.

Мунун алдында Kaktus.Media басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 2-июлда Чүй облустук сотунун эки судьясын кармаганын маалымдаган.

3-июлда Судьялар кеңеши Чүй облустук сотунун К.У.Ж. жана А.Т.А аттуу судьяларын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бергенин билдирди. Мекеме аталган судьяларды ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө президентке сунуш жиберди.

УКМК азырынча соттордун кармалышы тууралуу расмий маалымат бере элек.

Судьялар кеңеши тараткан маалыматка ылайык, кеп болуп жаткан судьялар Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси (“Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү”), 343-беренеси (“Опузалап пара алуу”), 342-беренеси (“Пара алуу”) жана 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыпталып жатат.

Жогоруда аталган К.У.Ж. жана А.Т.А деген инициалдарга Чүй облустук сотунун сайтындагы Калыбеков Улукбек Жолдошевич менен Абдырашитов Тилек Арстанбекович аттуу судьялардын аты-жөнү дал келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG