Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 3-июлда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти.
Президенттин сайтындагы маалыматка караганда, ШКУнун 4-июлдагы жыйынында уюмдагы кызматташтык маселелери, аймактык жана эл аралык саясат талкууга алынат.
Мындан тышкары, Жапаров ШКУ саммитинин алкагында Кытайдын лидери Си Цзиньпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Президентти Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев, президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана Кыргызстандын ШКУдагы улуттук координатору Казыбек Кочконов коштоп барат.
Коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУнун ишмердигинде Кытай жана Орусия үстөмдүк кылат.
Уюмга тогуз өлкө – Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Пакистан жана Тажикстан мүчө.(ZKo)
Дагы караңыз
Дагестанда никабга убактылуу тыюу салындыАКШга мыйзамсыз миграция уюштургандар "Ислам мамлекети" менен байланыштабы?"ИМге жалдоо чордону болгон Тажикстандан АКШга баргандар өскөн" Bloomberg Кытай жана Орусия чогуу дрон жасоого киришкенин жазды Жогорку сот активист Зарина Төрөкулованы абакта калтырдыСүттүн баасын жөнгө салуу үчүн тарифтик график киргизилет