Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

4-июлда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 17…19°, күндүз 31…33° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 2-июлда күндүз 21,0°, 3-июлда эртең менен 19,1° түздү.

3-7-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Дагы караңыз

Жогорку сот активист Зарина Төрөкулованы абакта калтырдыBloomberg Кытай жана Орусия чогуу дрон жасоого киришкенин жазды Сүттүн баасын жөнгө салуу үчүн тарифтик график киргизилетОлжобай Шакир - абактагы жазуучу жана агартуучуБУУ эксперттери Орусия Гершковичти камап, эл аралык мыйзамдарды бузганын белгилештиСербия президенти Орусия менен мамилени «абдан жакшы» деп баалады