Ташкенттик аял 90 миң долларды нигериялык шылуундарга алдырды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандык аял Ташкенттеги үйүн 90 миң долларга сатып, акчасын Нигериядагы шылуундарга тарттырып жибергенин бүгүн 2-июлда «Азаттыктын» өзбек кызматы жазды. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин Киберкоопсуздук борборунун маалыматына караганда, алдамчылар ага акчаны которгондон кийин Африкадан мураска мүлк берилерин убада кылышкан.

Окуя эки ай мурда болгону, нигериялык шылуундар аялга электрондук почта аркылуу чыгышканы маалымдалды.

Алар Африкада ири компаниялардын биринин ээси көз жумганын, аял ошол миллиардердин алыскы тууганы болушу мүмкүн экенин айтып, 3 миллиард евро убада кылышкан жана «мурасты» Өзбекстанга жөнөтүш үчүн акча керек болуп жатканын айтып алдашкан.

Аял өзү жашаган үйүн 90 миң долларга сатып, акчаны бөлүп-бөлүп шылуундарга жөнөткөн.

«Биринчи этапта акча Түркияга которулган. Түркиядан сураштырып көрсөк, андан ары Европа өлкөлөрүнүн бирине жөнөтүлгөн. Азыркы тапта бул акча беш-алты өлкөдө «айланууда»», – деп билдирди ИИМ өкүлү Умиджон Хамракулов.

Өзбек бийлиги бул окуядан улам жарандарын этият болууга чакырды.

Түрдүү шылуундук схемалар дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да бар. (RK)

Дагы караңыз

Чолпон-Атада БУУнун баш катчысы Гутерриш жарандык коом өкүлдөрү менен жолукту2-июль: Гутерриш Кыргызстанда, Цзинпин Казакстанда, Газада кармаш жүрүүдөКазакстандык саясат талдоочу кол салуу аракетине кабылганын билдирдиМосквада Орусиянын курама командасынын теги тажикстандык машыктыруучусу кармалды