Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

2-июль: Гутерриш Кыргызстанда, Цзинпин Казакстанда, Газада кармаш жүрүүдө


БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин Кыргызстандагы сапары маалында Бишкекте абактагы Алга Кылычевдин жакындары акцияга чыкты. 2-июль, 2024-жыл
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин Кыргызстандагы сапары маалында Бишкекте абактагы Алга Кылычевдин жакындары акцияга чыкты. 2-июль, 2024-жыл

2-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Украина салгылашуу уланып жатканын билдирди, Полтавадагы чабуул тууралуу маалыматты четке какты

Украинада соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан кеминде бир киши каза болду, бир нече киши жараат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик башчылары билдиришти. Херсон облусунда, аскердик администрация башчысы Александр Прокудиндин айтымында, 2-июлда 54 жаштагы аялдын өмүрү кыйылды, дагы сегиз киши жараат алды.

Газанын түштүгүндө кармаш жүрүүдө

Израил армиясы (ЦАХАЛ) 2-июлда Газа секторунун түштүк бөлүгүндө чабуулдарын күчөтүп, согушкерлер менен кармашын улантып жатканын AFP маалымат агенттиги билдирди. Агенттик күбөлөрдүн айтып бергенине таянып жазгандай, анклавдын түштүгүндөгү негизги шаар, израилдик аскерлер бир нече айга созулган кармашынан кийин быйыл апрель айынын башында чыгып кеткен Хан-Юнистин тегереги бомбаланып, аткыланууда. Шаардык ооруканадагы булак билдиргендей, шейшемби күнкү чабуулдардан бул шаарда кеминде сегиз киши каза болду, дагы 30дай киши жараат алды.

Селге байланыштуу төрт облуска чукул кырдаал киргизилди

Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында селге байланыштуу чукул кырдаал киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын өкүлү Кубаныч Темирбек уулу 2-июлда журналисттерге билдирди. Акыркы эки жумада Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында селден 16 адамдын өмүрү кыйылды. Ташкындаган суу мал-жандыкты агызып, ички жолдор жана көпүрөлөр жараксыз абалга кептелди. Ондогон үйлөргө, короолорго ылай толуп калды.

"Тез жардам" кызматкери сабалган окуяны милиция иликтеп жатат

Бишкекте "Тез жардамдын" кызматкери сабалды деген окуяны Ленин райондук милициясы иликтеп жатат. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 30-июнда белгисиз аял "Тез жардамда" иштеген кызматкерди урганы тартылган видео интернетке тараган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, ичи ооруп калган баланын апасы "Тез жардам" чакырган. Медиктер текшерүүдөн кийин баланы ооруканага жаткырууга негиз жоктугун, абалы туруктуу экенин билдирген. Күбөлөр ортодо талаш чыкканын белгилешүүдө.

Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу сентябрдын аягына чейин узартылды

Бишкекте жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү дагы үч айга узартылып, 30-сентябрга чейин борбордук аянтта жана айрым көчөлөрдө тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу 2-июлда Бишкектин Биринчи май районунун администрациясы билдирди.

Бул чектөө 2022-жылы март айында эле кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөтү улам узартылып келе жатат.

Украинада кол салууга кабылган казак активисти Садыков каза болду

Украинанын борбору Киевде кол салууга кабылган казакстандык оппозиционер жана журналист Айдос Садыков ооруканада каза болду. Бул тууралуу активисттин жубайы Наталья Садыкова Фейсбуктагы баракчасына жазып, күйөөсү Киевде 2-июлда үзүлгөнүн билдирди.

Казакстандын жараны, Украинада качкын макамында жашап жаткан Айдос Садыковго кол салуу Киевде быйыл 18-июнда, өзү жашаган үйдүн короосунда болгон. Бул үчүн эки казакстандык жаран шек саналууда. Украина тарап билдиргендей, алар ошол эле күнү Украинадан чыгып кетишкен.

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери суракка чакырылганы кабарланды

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаев атайын кызматка суракка чакырылганын адам укуктарын коргоочу "Кылым шамы" уюму 2-июлда билдирди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) бул тууралуу маалымат бере элек. "Азаттык" Карабаевдин жакындарынан же адвокатынан азырынча комментарий ала алган жок. Буга чейин Карабаев Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан.

ӨКМ: Быйыл 17 адам селге агып каза болду

20-апрелден тартып 1-июлга чейинки аралыкта Кыргызстанда 17 адам селге агып каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын өкүлү Кубаныч Темирбек уулу 2-июлда брифингде билдирди. Адистин сөзүнө караганда, быйылкы жылы өлкөдө 250 сел катталды. Анын эң көбү (71 учур) Ош облусунда, андан кийин Баткен облусунда 66, Жалал-Абадда 61, Талас облусунда 13, Ош шаарында 6, Нарын облусунда 5 учур.

Он жылга соттолгон Алга Кылычевдин жакындары акцияга чыкты

Кой-Таш окуясына байланыштуу он жылга соттолгон Алга Кылычевдин жакындары 2-июлда Бишкекте акция өткөрүп, бийликке кайрылуу жасашты. Алар Кылычевдин күнөөсү жок экенин айтып, абактан бошотууну суранышты. Жубайы Гүлнур Ниязова алты баласы менен жалгыз калганын жана күйөөсүнүн саламаттыгына кабатыр болуп жатканын билдирди. Аламүдүн райондук соту 21-июнда жарандык активист, КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычевди 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, он жылга камоону өкүм кылган. Кылычев сот өкүмүнө макул эместигин, соттун жогорку баскычына кайрыларын "Азаттыкка" билдирген.

Жапаров Гутерриш менен жолугушууда Газадагы жана Украинадагы согуш тууралуу билдирүү жасады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-июлда Чолпон-Ата шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушууда Газадагы жана Украинадагы кырдаал боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу "Азаттыктын" жеринде жүргөн кабарчысы маалымдады. Мамлекет башчы сектордогу кырдаал жөнүндө айтып жатып, “Газада он миңдеген балдардын жана аялдардын каза болушу жана ал жердеги абал адамдык жана гуманитардык укуктун бузулушу” деди. Ал ошондой эле расмий Бишкек Украинадагы согуштун тезирээк бүтүшүн жактай турганын белгиледи.

Гутерриш Кыргызстандагы өнүгүү динамикасын кубаттап, тынчтыктын символу деп атады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш президент Садыр Жапаров менен 2-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн жолугушууда Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүн жана коңшулары менен маселелерди чечүү аракеттерин кубаттады. Гутерриш мурда бир нече ирет Кыргызстанга келип кеткенин айтып, “бирок мындай динамиканы эч качан көрбөгөнүн” белгиледи. Ал Жапаровго кайрылып, “сиздин өлкөңүз мурда уктап жаткан болсо, азыр чуркаган күлүккө айланыптыр” деди. "Кыргызстан чек арага байланышкан маселелерин дипломатиялык жол менен чечип жатат. Өзбекстан менен маселе толугу менен чечилди. Тажикстан менен болгон тактоо иштери да аягына чыгат деп ойлойм. Ошол себептүү Кыргызстанды тынчтыктын символу деп айтууга болот деп ойлойм", – деди Гутерриш.

ӨКМ апта бою тоолуу райондордо сел коркунучу бар экени эскертти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-июлга чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел коркунучу бар экенин, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн эскертти.

Си Цзинпиндин Казакстан сапары башталды

Кытайдын лидери Си Цзинпин бүгүн 2-июлда мамлекеттик сапар менен Казакстанга барды. Сапар алкагында ал казак жетекчилиги менен кезигип, тогуз өлкөнүн башын бириктирген Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) кезектеги саммитине да катышат, айрым лидерлер менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Синин бул сапары расмий Бээжиндин Борбор Азия өлкөлөрү менен экономикалык жана саясий алакасы бекемделип жаткандыгынын далили экени белгиленүүдө.

Орбан Украинадагы согуш боюнча сунушун айтты

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украина президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн бүгүн 2-июлда Киевге барды. Бул Орбандын Орусия Украинага каршы согуш баштагандан бери алгачкы жолу барышы. 2022-жылдын 24-февралынан бери Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин баарынын лидерлери Украинага барып кетишкен, Киев Орбанды да чакырганы менен, ал өзү барбай, министрлерин гана жөнөтүп жүргөн.

Армения жана Азербайжан чек ара сүйлөшүүлөрүндө жылыш бар экенин билдиришти

Армения жана Азербайжандын ортосунда чек ара маселеси боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдө прогресс бар экенин 1-июлда армян өкмөтү билдирди. "Сүйлөшүүлөр конструктивдүү уланууда" деп айтылды вице-премьер Мгер Григоряндын кеңсеси тараткан билдирүүдө.

Кыргызстандагы чокуга “Бириккен Улуттар Уюму” деген аталыш ыйгарылды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке Ысык-Көл облусундагы чокуга “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген аталыш берилгендиги туурасында сертификат тапшырды. Бул тууралуу Президенттин администрациясы кабарлады.

“Жунда” заводун модернизациялоого 160 млн доллар жумшалат

2-июлда Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "Орто Азия энергетикалык компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда “Чайна Петрол” компаниясына таандык мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводун капиталдык оңдоо жана модернизациялоо боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктин башчысы Талантбек Иманов Фейсбуктагы баракчасында билдирди. Макулдашуунун алкагында 160 млн АКШ долларынан ашык сумма инвестиция катары салына турган болду. “Жунданын” иши 2019-жылы токтоп калган. Өкмөт быйыл мартта "Жунданы" ушул жылдын экинчи кварталында ишке киргизүү пландалып жатканын кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG