Си Цзинпиндин Казакстан сапары башталды

Си Цзинпин.

Кытайдын лидери Си Цзинпин бүгүн 2-июлда мамлекеттик сапар менен Казакстанга барды. Сапар алкагында ал казак жетекчилиги менен кезигип, тогуз өлкөнүн башын бириктирген Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) кезектеги саммитине да катышат, айрым лидерлер менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Синин бул сапары расмий Бээжиндин Борбор Азия өлкөлөрү менен экономикалык жана саясий алакасы бекемделип жаткандыгынын далили экени белгиленүүдө.

Коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУ уюмунун ишмердигинде Кытай жана Орусия үстөмдүк кылат. Уюмга тогуз өлкө – Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Пакистан жана Тажикстан мүчө.

Казакстандан кийин Си Тажикстанга барат.

Бээжиндин аймактагы дипломатиялык активдүүлүгү "Бир алкак – бир жол" долбоору аркылуу илгерилөөдө. (RK)

Дагы караңыз

“Жунда” заводун модернизациялоого 160 млн доллар жумшалатКыргызстанда мектеп директорлорунун ордуна сынак жарыяландыОрбан согуш башталгандан бери биринчи жолу Украинага барды"Кырсыктын алдын алышса болмок". 15тен ашуун өмүрдү алган селдин сабагы