Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:45

"Кырсыктын алдын алышса болмок". 15тен ашуун өмүрдү алган селдин сабагы


Катуу селден улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.
Катуу селден улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында селге байланыштуу чукул кырдаал киргизилди. 20-апрелден тартып 1-июлга чейинки аралыкта Кыргызстанда 17 адам селге агып каза тапканы кабарланды. 

Бир нече адамдын өмүрү кыйылган сел кырсыгы алдын алуу, даярдык тууралуу талкууларга жем таштады. Айрым адистер, байкоочулар бул окуялар сабак болушу керектигин, ириде жагдайды терең талдап, чукул чаралар көрүлүшү зарылдыгын эскертип келет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-июлга чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел коркунучу бар экенин, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн эскертти.

Мындан улам Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында "Селдин материалдык жана экономикалык кесепетин эсептөө жана жоюу үчүн аймакта чукул кырдаал киргизиле" турганы белгилүү болду.

Расмий маалыматка караганда быйылкы жылы өлкөдө 250 сел катталган. Анын эң көбү - 71 учур Ош облусунда, андан кийин Баткен облусунда -66, Жалал-Абадда - 61, Талас облусунда -13, Ош шаарында -6, Нарын облусунда -5 учур. Селдин кесепетинен баштапкы маалыматтар боюнча, мамлекетке жалпы 172 млн 956 миң сом зыян келтирилген. Чыгымдар дагы эсептелип жатат.

ӨКМдин Жарандык коргонуу башкармалыгынын өкүлү Кубаныч Темирбек уулунун билдиришинче, 20-апрелден тартып 1-июлга чейинки аралыкта Кыргызстанда 17 адам селге агып каза тапкан. Алардын көбү балдар.

Ыкчам штаб түзүлдү

Кыргыз өкмөтү селдин кесепетин жоюуга байланыштуу ыкчам штаб түздү. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соңку окуялардан улам бийлик бардык аракеттерди көрүп жатканын билдирди.

Селдин кесепетин жоюуга байланыштуу түзүлгөн ыкчам штабды президенттин Ош облусундагы өкүлү көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал бийлик чукул чаралардын баарын көрүп жатканына токтолду. Ошондой эле жарандарга кайрылып, кырсыкка кабылган элге өз алдынча жардам уюштурбоого чакырды, кайрымдуулук кылгысы келгендер Оштогу штабга кайрылса болорун айтты.

"Кадырлуу калайык-калк, өлкөбүздө табияттын айттырбай келген кырсыгы болду. Анын кесепеттерин жоюу үчүн мамлекет болгон аракетин көрүп жатат, ага бардык ресурстары жана жетиштүү каражаттары бар. Учурда Ош облусунун аймагында болгон жаратылыш кырсыгында каза болгондордун жакындары менен иш алып баруу, бузулган объектилерди калыбына келтирүү жана тазалоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул боюнча ыкчам штаб түзүлдү, штаб президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан координацияланууда. Зарыл болгон муктаждыктарды мамлекет тезинен чечүүдө. Ошондой эле жергиликтүү ыктыярчылар дагы тазалоо иштерине көмөктөшүп жатканын белгилейбиз. Мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдар берилүүдө, шарттар түзүлгөн, кырдаал көзөмөлдө турат. Албетте, мындай учурда мекенчилдик сезим ойгонуп, кыргыздын бириге калган жакшы касиети бар. Социалдык тармактар аркылуу азык-түлүк, каржылык жардамдарды чогултуу демилгесин көтөрүп, ар ким өз алдынча эсеп ачкандарды көрүп жатабыз. Сиздерге кайрылганыбыздын себеби: ар кимдин өз алдынча акча каражаттарды чогултуунун кажети жок. Мындай учурдан алдамчылар да пайдаланып кетиши толук ыктымал. Адам күчү же техникасы менен кол кабыш кылуу ниети бар жарандар Оштогу штабга кайрылса болот".

Деген менен адам өлүмү менен коштолгон соңку кырсык алдын алуу, даярдыкка байланыштуу маселени козгоду. Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов бир эле жерден бир канча жолу сел жүргөн учурлар бар экенин айтып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин сынга алды:

Улукбек Ормонов.
Улукбек Ормонов.

"Кырсыктарда жарандардын каза болгону аябай өкүнүчтүү. Бул окуялар - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде алдын алуу иштеринин болбой жатканын белгиси. Жагдайды толук изилдеп иштеш керек. Мына, мисалы, Боом капчыгайында былтыр сел жүргөндөн жерден быйыл кайра сел жүрдү. Ошол жерде кесепеттерин жойгондон кийин кайталанбагандай кылып аракеттерди жасоо керек да. Бир жерден эки жолу сел жүргөнү бул кырсыктын кесепетин жоюуда толук иш жасалбаганын билдирет. Бул табияттын өзгөрүп жатканынын дагы белгиси. Бүткүл дүйнө жүзүндө климаттык өзгөрүү болуп жатпайбы. Биз ошого даяр болуш үчүн бул маселеге терең көңүл бурушубуз керек. Жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрү бул жаатта тынымсыз иштеши керек".

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ноокатта он адам ажал тапкан кырсыктын себептерин атаган. Ага ириде нөшөрлөгөн жамгыр, Абшыр-Ата дарыясында узак жылдардан бери чоң сел болбогондуктан жээгинде дарактардын өскөнү жана эс алуу тапчандарынын башаламан курулганы, көмүр карьерине өтүүчү көпүрөнүн жапыз салынып калганы негиз болгонун билдирген.


Жогорку Кеңештеги "Ыйман нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков "Азаттыкка" комментарий берип жатып, сел өңдүү табыгый кырсыктардын алдын алуу үчүн чукул чаралар керектигин айтты:

Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

"Бизде "кырсык каш-кабактын ортосунда" дейт, ал айттырбай келет. Бирок бир сөз бар, "бир ийинден жылаанга бир жолу чактырсаң, сенин айыбың эмес, бирок ошол жерден кайра чактырсаң, ал сенин айыбың, анткени сен тыянак чыгарган жоксуң, кайталап өзүң кабылдың" деген мааниде айтылат. Ошон үчүн бул аябай ойлонуп, талдай турган жагдай болуп жатат. Жай ортосунда мынчалык сел жүргөн учурлар болгон эмес да. Адатта жаздын башында кар эриген маалда болчу эле. Бул эми дүйнөлүк экологиялык апаат, мөңгүлөрдүн эригенинин, Арал деңизинин соолуганынын, жайыттардын бузулганынын кесепети болуп жатат. Азыр эми биз баарыбыз тыянак чыгарышыбыз керек. Мен сунуш кылат элем, биз Кыргызстанда болушунча көп бак эгишибиз керек. Токой аянттарын көбөйтүшүбүз керек. Какыраган талаага бак эксек, мөңгүлөрдү сактоонун бир жолу ошол. Баарын коё туруп, ушуга маани берүү керек деп эсептейм. Абайлаш керек болуп калды, бир эле жерден кайра-кайра сел жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине, куткаруучуларга чоң рахмат. Ушунча эле жардам берип жатат. Бирок алар деле азыр кара күчкө салып жатат да. Ошондуктан техниканы көбөйтүш керек. Бул жерде илимий колдоо дагы сөзсүз болушу керек. Илимдер академиясы, жогорку окуу жайлардагы окумуштуулар ушул экологиялык кырсыктарды азайтуу үчүн сунуштарын бериши керек. Биз чукул иш алып барбасак, бул окуялардын баары - өтө опурталдуу белги. Мындан дагы жаман апааттардын алдын алыш үчүн технологиянын баарын колдонушубуз керек. Дароо эле, бүгүндөн калбай чогула турган адамдардын баары чогулуп, жагдайды талдап, чукул чаралар көрүлүшү керек".

Катуу селден улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан жаашы ыктымалдыгын, сел коркунучу жогору экенин, бир катар дарыяларда суу жогорулашы мүмкүндүгүн эскерткен.

Академик Жамин Акималиев дагы кырсыктын кесепетин алдын алуу ойдогудай эмес деп эсептейт:

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

"Азыр элдин баары билет, ааламда климат өзгөрүп, күн 1,5-3 градуска ысып кетти. Экинчиден, биз жаратылыштан баарын алып, кайра анын ордуна эч нерсе бербей жатабыз. Ошондуктан жер кыртышы да бузулуп жатат. Жайыттардын баары деградация болуп бүтпөдүбү. Азыр улам көчүп, жерди эс алдырып туруу, ооштуруп пайдалануу деген нерсе жок. Кыргызстандын аянтынын 5% жакыны токой болчу, 30 жылдан бери көбү талкаланды, токой аянты көбөйбөй, тескерисинче, азайды. Токой - селди тоскон эң негизги калка. Жыл сайын эле "Жашыл мурас" деп бак отургузуп жатабыз, бирок анын көбү эле куурап калып жатпайбы. Илгери Раззаковдун учурунда Токой чарба министрлиги бар болчу. Ошол жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү биздин Кыргызстанда 4300 жерде сел жүрүү коркунучу бар экен, ошонун баарын билдик, аныктадык деген экен. Бир айдай мурун бир талкууга катышканда, жаан жаай электе эле, күн ысый электе эле ошонун баарын тазалатып, көпүрөлөрдү татынакай кылып оңдоп койбойсуңарбы дегендей ачуу сөздөрдү айтсам, мени көп жактырышкан эмес. "Мактаган кыз тойдо уят кылат" дегендей, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин мактап атабыз. Башкаларга жардам берип жатат, Түркияга. Казакстанга барды, гуманитардык жардам жөнөттү. Биз, Кыргызстан татаал, тоолуу жерде турабыз. Алдын алуу иштерин көргөндүн ордуна пиар кылып жатканын кесепети ушул болду. Жаратылыш кырсыктарынын алдын ала алсак, ушундай кейиштүү окуялар аз болот эле да. Аза күнү жарыялаш керек эле. Биздин өкмөт башчы тик учак менен барып келиптир. Кырсыкка кабылган элге жардам көрсөтүш керек, бирок эң негизгиси алдын алууну күчөтүш керек. Ошондой иштердин жоктугунан ушундай окуялардын болуп жатканы чыркыраган чындык".

"Интербилим" коомдук уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева сел жүргөн аймактардагы, дарыя, суулардын боюндагы курулуш маселелерине токтолду:

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

"Мисалы, дарыялардын боюнда корук зоналары бар. Ошол аймактар сакталбай калган. Архитектура, Экотехинспекция өз убагында көзөмөл кылып, кооптуу жерлерге жарандарга курулуш баштоого уруксат бербеши керек эле. Дарыянын оң тарабынан да, сол тарабынан да алты метр аралык сакталышы керек эле. Бул кырсык бир эле Ноокатка эмес, башка жерлерге дагы сабак болушу керек. Мисалы, Ош шаарында деле Ак-Бууранын жээгинде мыйзамсыз курулуштар көп да. Ак-Буура дагы толуп кете турган болсо, адамдардын мал-мүлкүнө зыян келтирип, өмүрүн алышы мүмкүн. Айыл чарба министрлиги дагы эмнеге суу жерге сиңип кетпей сел болуп жатат деп ойлонушу керек. Жайыттарды дагы которуш керек. Бир жайыт малдын тебелендисинен кайра калыбына келиши үчүн көп жыл керек. Мен бул жаатта адис эмесмин, бирок кечээ улгайган адамдардын ушул маселе тууралуу өз ара сүйлөшкөнүн угуп калдым. Алар "союздун тушунда жайлоого алыс жактарга чыгат элек, ооштуруп пайдаланып, жерди калыбына келтирет элек" деп айтып жатышат. Азыр өкмөт жакшы иштегиле деп талап кылгандан башка эксперттердин башын бириктирип, алардын пайдалуу ойлорун топтоп, чоң бир стратегия кабыл алып, ошону менен иштеши керек".

Президент Садыр Жапаров 30-июнда селден ажал тапкан жарандардын жакындарына көңүл айтып, "мындай окуялар кайталанбасын деп кудайдан тилейли. Селден жабыркагандарга сөзсүз жардам көрсөтүлөт" деген.

Кыргызстанда акыркы эки аптада эле сел кырсыгынан 15тей кишинин өмүрү кыйылды.

Ноокат районунда 28-июнда жүргөн сел 10 кишинин өмүрүн алды, алардын дээрлик баары балдар жана бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. 30-июнда Кара-Кулжа районунда да бир үй-бүлөдөн төрт адамды сел алып кетип, баары кайтыш болду. Маркумдардын сөөктөрү туулган айылдарына коюлду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG