Болгарияда адатта Москвага жакын көз караштары менен белгилүү православ чиркөөсү жаңы патриарх кылып бардык талапкерлер арасынан эң орусиячыл деп таанылган митрополит Даниил Видинскини шайлады. Быйыл март айында 78 жаш курагында дүйнө салган патриарх Неофиттин ордуна шайлоо 30-июнда өттү.
52 жаштагы митрополит Даниил (өз аты Атанас Николов) чиркөө жыйынына катышкан 138 делегаттын 96сынын добушун алды. Экинчи турда ал Кремлге нейтралдуу талапкер, 50 жаштагы Григорийди жеңди.
Автокефалдык чыгыш-православ юрисдикциясындагы чиркөөнүн Болгариянын өзүндө 6 миллиондой, чет өлкөлөрдө 1-2 миллионго жакын мүчөсү бар.
Даниил Орусиянын Украинага кол салуусун айыптаган эмес, бул согуш үчүн украин тарап да жоопкер деген пикирин айткан. (RK)
Дагы караңыз
Чаткалдан алтын рудасын мыйзамсыз ташыган деп үч киши кармалдыБишкекте тазалыкты сактабаган алты курулуш компаниясына айып пул салынды "Айып менен кутула турган иш эле". Жакындары Жетигенди бошотууга чакырууда Аба ырайы: айрым аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаайт