Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

Аба ырайы: айрым аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаайт


2-июлда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондордо нөшөрлөп жаайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23,

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23 градус жылыйт.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 27…29° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 19…21° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 30-июнда күндүз 21,3°, 1-июлда эртең менен 19,8° түздү.

XS
SM
MD
LG