Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Чаткалдан алтын рудасын мыйзамсыз ташыган деп үч киши кармалды


Алтын рудасы. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Алтын рудасы. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Чаткал районундагы "Сарай-Сай" кенинен көлөмү 1100 тоннадан ашык алтын рудасын мыйзамсыз ташып чыгуу фактысы аныкталды. Буга байланыштуу үч адам 25-июнда кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 1-июлда билдирди.

Расмий маалыматта айтылгандай, мыйзамсыз ташылган алтын рудасы жасалма документтер менен Кара-Балта тоо-кен комбинатына сатуу максатында жеткирилген.

Кармалгандардын баары Кыргызстандын жарандары. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен алардын экөө тергөө абагына камалды. Үчүнчү шектүүнүн бөгөт чарасы тууралуу маалымат айтылган эмес. Учурда кылмышка тиешеси болушу мүмкүн деген башка кишилерди аныктоо максатында иликтөө башталды.

Буга чейин Нарын жана Жалал-Абад облустарында алынган алтын рудалары жана курамында күмүш, калай, жез, коргошун сыяктуу түстүү металл кошулмалары экспорттук бажы төлөмүсүз жана салык алынбай чет өлкөлөргө ташылып жатканы айтылып келген.

Президент 2022-жылы алтын камтыган руда менен концентратты сыртка ташууга тыюу салган жарлыкка кол койгон. Быйыл июнда аны жокко чыгарды. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG