Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:13

"Айып менен кутула турган иш эле". Жакындары Жетигенди бошотууга чакырууда


Аскат Жетиген.
Аскат Жетиген.

“Массалык башаламандыктар”, “Бийликти басып алууга чакырык” беренелери менен шек саналып камалган акын жана активист Аскат Жетигенди сот үч жылга абакка кести. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келген. Жарандык коом Аскат Жетигенди актап, камактан бошотууга чакырып келишкен.

1-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов акын жана активист Аскат Жетигендин иши боюнча чечим чыгарды.

"Азаттыктын" отурумга катышып жаткан кабарчысы билдиргендей, судья аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен "күнөөлүү" деп таап, 3 жылга эркинен ажыратты. Ал эми 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча сот активистти актады.

Мунун алдында Аскат Жетиген акыркы сөзүн сүйлөп, коюлган айыптарды четке каккан. Ал “социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган кайрылууларында элди бийликти басып алууга жана массалык башаламандыктарга чакырбаганын” кайталады:

"Эми бул деген коомдук тартипти бузган иш болуп жатпайбы. Коомдо негизи антип сөгүнүп, сагынган болбойт. Аны биз кичинебизден бери билебиз. Менин кайрылууларымда агрессия бар, жинденүү учурунда тартылган, мен сөгүнгөнмүн. Ал үчүн элден дагы бир жолу кечирим сураймын. Негизинен менин ишим таза, чындап карала турган болсо, мен сотто отурбайт элем. Анткени бул сотко өтө турган иш эмес. Бул деген административдик айып менен кутула турган эле иш".

Прокурор Аскат Жетигенди "күнөөлүү" деп таап, Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен төрт жыл, “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен алты жыл чегерип, жалпы сегиз жылга абакка кесүүнү сураган. Ошентсе да Аскат Жетигендин жакындарында ал акталат деген үмүт болгон экен.

"Бул оор кылмыш болбогондон кийин жеңил түрдө, айып пул түрүндө бошотот деген үмүт менен келгенбиз. Азыр күтүлбөгөн жерден үч жылдык мөөнөт бергени үчүн... Эми дагы алдыда күрөшөбүз. Чындык баарыбир жеңет деп ойлойбуз,"- деди Аскат Жетигендин таежеси Болду Тойгонбаева.

Активисттин адвокаты соттук териштирүү учурунда бир катар мүчүлүштүктөргө жол берилди деп эсептейт. Жактоочу Самат Матцаков буларга токтолду:

Самат Матцаков
Самат Матцаков

"Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратты. Тергөө маалында дал ушул бөлүгүндө бардык процессуалдык бузуулар болгон. Муну соттук териштирүү маалында да айтканбыз. Сот отуруму маалында ишке тиркелген ДВД-диск укук жагынан караганда кошулбай турчу далил эле. Анткени ал соттук териштирүү маалында кошулуп жатат. Анын үстүнө видео вотсаптан 2024-жылдын 7-июнунда көчүрүлүп алынганы билинип калган. Болбосо иш 2024-жылдын май айында кароого түшкөн".

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди алгач быйыл 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

Бирок 20-мартта УКМК Аскат Жетигенге каршы дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

Ал буга чейинки соттук отурумдарда 20-мартта соттун камакка алуу чечиминен кийин “УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын” айткан.

Кыргызстанда маданият тармагынын өкүлдөрү Аскат Жетигенге карата чечим адилетсиз экенин айтып, нааразы болуп жатышат.

Шабдан Сулайманов
Шабдан Сулайманов

“Сот өкүмү өтө эле катаал болуптур. Сөгүнүп койгон кишини "бийликти күч менен басып алуу" деген берене менен соттоо күлкү келерлик жорук. Бирок соттун мындай чечимине күлө турган эмес, ыйлай турган абалдабыз. Өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө мындай ачык сындар дайыма эле болуп турат. Сөгүнмөк тургай, мамлекеттик кызматтагы адамдардын сүрөтүн тебелеп, өрттөп, жоголсун, кетсин деген лозунгдарды жазып алып да митингге чыга беришет. Аларды полиция деле камабайт. Эң катаал жаза катары эскертүү берет же айып пул салат. Биздин соттордой кантип болсун?! Аскат Жетиген жөн эле көчөдө жүргөн бирөө эмес, ал мыкты ырчы, мыкты комузчу, маданият адамы. Маданият тармагын көтөрүү боюнча жакшы долбоорлору бар экен. Бирок, эч кимге үнү жетпегенде, эч кандай колдоо таппаганынан улам жанагыдай бир "жарылып" кетти го деп ойлойм. Соттун өкүмүнө мен абдан нааразымын”, - деди акын Шабдан Сулайманов.

Төкмө акын, ырчы, обончу Максат Кулуев Аскат Жетиген эркиндикке чыгышы керек деп эсептейт:

Максат Кулуев
Максат Кулуев

“Илгертен бери элибизде “элчи менен ырчыга өлүм жок” деген кеп бекер айтылган эмес. Аскат Жетиген салттуу музыка өкүлү, улуттук өнөрдү алып жүрүүчү таланттуу инилерибиздин бири. Мыкты обондорду жаратты, улуттук күүлөрдү таратты, канчалаган мамлекетти кыдырып, улуттук өнөрдү даңазалап жүрөт. Баарыбыз эле жаш болгонбуз. Жаштын каны кызуу. Андыктан Аскатты кечиримдүүлүк менен коомдук тартипке чакырып, кандайдыр бир мөөнөткө жүрүм-турумуна көз сала тургандай кылып эле актап, эркиндикке чыгарып койгон туура. Анан мындай жигиттерди баса калып, катуу көзөмөлгө ала берүү олдоксон иш болуп калат. Өкмөт башындагылардан, сот өкүлчүлүгүнөн тартипке гана чакырууну өтүнөбүз”, - деди ал.

Ырчы Суран Садыбакасов Аскат Жетигенге өтө оор беренелер менен айып тагылышы акылга сыйбайт деген пикири менен бөлүштү:

Суран Садыбакасов
Суран Садыбакасов

“Мен Аскаттын кесиптеши, сахналашы, анын ырын ырдап жүргөн жакын тааныш агасы катары көптөн бери соттук иштерине көз салып келе жатам. Ал камалгандан бери эле соттук процесстеринен кабар алып турам. Бүгүн райондук сот анын ишин оң жагына чечеби деп жакшы үмүттө күтүп турганбыз. Бирок үч жылга абакка өкүм чыгарды дегенди угуп, маанай чөгүп турат. Албетте Аскаттын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан адепсиз сөздөр менен элге кайрылуу кылганы баарына маалым. Бирок ал “Бийликти басып алууга чакырык жасоо”, “Массалык башаламандыктарга чакыруу” деген беренелер менен айыпталып жатат. Бул беренелер менен аны кармап олтуруу негизсиз. Аскаттын кемчилигин кечирип, жеңил жаза чегерет, жок дегенде үй камагына чыгарат деп турганбыз. Эми алдыда иш башынан тергелип, Аскатты эркиндикке чыкса туура болот”.

Абактагы акын Аскат Жетиген сотко даттанды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен 20дан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган.

"Залкарлардын колунан тарбия алгам"
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:36 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG