Алар “мекеменин багыты али күнгө чейин такталбай, туура эмес иш жүргүзүп”, “өздөрүнө бөлүнгөн каражатты актабай жаткандыгын” жазышкан. Бирок “Манас” академиясынын жамааты мындай дооматтарга макул эмес. Түзүлгөнүнө беш жыл болгон улуттук академиянын тагдыры кандай болот деген суроого жооп издедик.
“Манас” улуттук академиясынын директору Талантаалы Бакчиев ээлеген кызматынан быйыл 22-июнда бошотулган. Буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону ушул эле күнү өкмөттүн сайтына жарыяланган. Бирок анын кандай себептер менен жетекчиликтен кеткени тууралуу маалымат жазылган эмес.
Филология илимдеринин доктору, манасчы Талантаалы Бакчиев "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти болуп 2021-жылы декабрь айында дайындалган. 2022-жылы май айында мекеменин макамы жогорулатылып, “Манас” улуттук академиясы болуп түзүлгөн да, Айтматовго байланыштуу изилдөө иштери Улуттук илимдер академиясына өткөрүлгөн. Академия коомдук ишмер, маркум Топчубек Тургуналиевдин демилгеси менен негизделип, ал Бакчиевге чейин жетектеген.
Дагы караңыз
Талантаалы Бакчиев "Манас" академиясынын жетекчилигинен кеттиАкадемия түзүү тууралуу жарлыкка мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы 31-январда кол койгон.
Жарлыкта академия "Манас" эпосун, кыргыз элинин эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө милдеттерин аткара тургандыгы айтылган.
"Натыйжалуу иштер жасалган жок"
Ал арада “Азаттыкка” 30 окумуштуунун колу коюлган кат тийди. Анда академиянын ишмердигин токтотуу өтүнүчү келтирилип, төмөндөгүдөй пикирлер жазылган.
“Ал мекеменин беш жылдан бери иштей турган объектиси, багыты, максаты али күнгө чейин такталбай, туура эмес багыттагы иштер жүргүзүлгөн;
Жыл сайын “Манас” улуттук академиясына 40 млн сом бөлүнүп, иштин натыйжасы көрүнгөн жок. Бул мекеменин жыйынтыктары негизинен мурдатан аткарылып келген иштерди кайталоо менен чектелип, эл аралык эмес, республикалык деңгээлге да жооп берген жок;
35 штаттык бирдиги, анын ичинен 12си техникалык кызматчысы бар “Манас” улуттук академиясына жыл сайын 40 млн сом каражат бөлүп, атайын мекеме катары кармап отуруунун зарылдыгы жок”.
Катка кол койгон филология илимдеринин доктору, адабиятчы Садык Алахан буларды айтты:
“Мен башынан эле бул мекеме Топчубек Тургуналиевдин кадыры үчүн эле ачылган деп айтып келгем, ал сөздөр бул катта да айтылды. Бул кептер мурда көмүскөдө айтылып жүрсө, азыр ачык эле айтыла баштады. Демек, бул аппендицит мекеме. Анан эми бул академиянын изилдей турган материалы болбогондон кийин, кол жазманын баары Улуттук илимдер академиясында болгондон кийин, илимпоздордун курамы да күмөндүү болгондон кийин академиянын милдетин Улуттук илимдер академиясына эле өткөрүп бериш керек. Башка маселе жок”.
Катка кол койгон дагы бир филология илимдеринин доктору Курманбек Абакиров академия уюшулгандан бери эле талаш-тартыштар токтобой келатканын, мекеменин кийинки ишмердигине деле ичи чыкпаганын айтты:
“"Манасты" бүт дүйнөгө даңазалоо бул академиянын функциясы болгону менен, тикелей "Манаска" тиешелүү көрүнүктүү иштер деле жасалган жок. Майда-барат эле иштер даңаза болуп келди. Кенже эпостор боюнча энциклопедия деп кымбат кагаздар менен китеп чыгарышты, бирок бул эмгек энциклопедиянын талаптарына жооп береби, аны билген киши жок. Анан “Сказители”, “Сны сказителей” деген китептерди да чыгарышты. Булар да кымбат кагазга кооздоп басылган. Менин жеке пикиримде, түрдүү элдердин айтуучулары киргизилгени менен, экөөндө тең казактар тууралуу жок. Бул эки китептин ичиндеги илимий маалыматтардын баалуулугу китепке кеткен чыгымга татыбайт. Илимге анча деле зарыл маалыматтар болбоду”.
Академиянын ишмердигин токтотууну жактагандардын арасында академик Абдылдажан Акматалиев да бар. Ал мындай дейт:
“Менин жетегим менен Улуттук илимдер академиясынан “Манас” эпосунун 40тан ашык варианты чыкты. Аны булар чыгара алышпайт, анткени баарын патенттеп койгонбуз. Анан “Эр Төштүк”, “Курманбек” деген энциклопедияларды чыгарышты. Биз кенже эпостордон “Эр Төштүк”, “Курманбек”, “Саринжи-Бөкөй” баш болгон жети китеп чыгарганбыз. Ошол эле материалдардын негизинде булар кайра өкмөттөн акча алып, кайталап китеп чыгарып жатышат да. Китептердин сырткы жасалгасы эле башка болгону менен, ички мазмуну бирдей эле. Биз өзүбүз чыгарган китептерди демөөрчүлөрдүн колдоосу менен чыгарганбыз. А булар неге өкмөттүн акчаны кайталап чыгарышы керек? Мен башында буларга эми ушундай уюшулуп калган соң бирге иштешели деп айткам. Бирок ар ким өз амбициясы менен кетти. Кеп бирөөнү жоюп, бирөөнү калтырууда эмес, болгону бири-бирин кайталаган мекемелерди жоюш керек. Эми пропаганданы улуттук “Манас” театрына, илимий иштерди жүргүзүүнү Улуттук илимдер академиясына бериш керек”.
Экинчи тарап эмне дейт?
Анткен менен окумуштуулардын мындай пикирине экинчи тарап макул эмес. “Манас” улуттук академиясындагы эпос таануу илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Жүрсүн Орозалиева “Азаттыкка” өз пикирин билдирди.
Ал учурда “Манас” академиясындагы абал кызматкерлерди кыжаалат кылып, эки жумадан бери Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин кызматкерлери академиянын жамаатын имараттан чыгууну талап кылып жатканын айтууда. Аталган агенттик менен “Манас” улуттук академиясы Бишкектеги Раззаков 8/1 дарегиндеги имаратта чогуу жайгашкан (агенттик биринчи кабатта, академия экинчи кабатта). Бул имаратта мурдагы Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги болгон.
“"Манаска" чабуул деп эсептейбиз”
“Тилекке каршы, агенттиктин кызматкерлери оозеки гана буйруктун негизинде имараттан чыгуубузду бизден талап кылып жатышат. Эч кандай жазуу түрүндө тескеме колубузга тийген жок. Биз муну “Манас” дүйнөсүнө, улуттук баалуулуктарга жана дөөлөттөргө каршы чабуул деп баалап жатабыз. Себеби мурунку жумада жетекчибиз Талантаалы Бакчиев кызматтан алынган. Эми бизди шаардын сыртындагы Улуттук “Манас” театрынын имаратына көчөсүңөр деп жатышат. 35 кишиден турган жамаатка болгону үч гана иш бөлмө бөлүнөт экен. Бул кантип болсун? Андан сырткары биз жакын арада эле 4,5 миллион сомго аудио-видео жазуучу аппаратура сатып алып, студия жасаганбыз. Аны көчүрүп кетүү мүмкүн эмес. Мындан сырткары беш жылдан бери уюшулган кол жазмалар фонду бар”.
Орозалиева өзү эмгектенип жаткан академия Манас таануу илимине салым кошуп, эпосту жайылтып жатат деп эсептейт. Ал академиянын алдыдагы тагдырын чечүү үчүн реалдуу комиссия түзүлсүн дейт:
“Биринчи тараптын сөзү боюнча 90 жылдан бери иштеп келе жаткан Улуттук илимдер академиясынын ишмердигин биз кайталап жатыптырбыз. Эгерде биз чындап эле алардын эмгегин кайталап жаткан болсок, эмне үчүн көз карандысыз комиссия түзүлбөйт дагы, эки академиянын ишмердигине баа берилбейт? Эмне үчүн бир тараптын сөзүн угуп эле жыйынтык чыгарылат? Эмне үчүн экинчи тараптын үнүн укпайпыз? Эгер реалдуу комиссия түзүлүп, анан калыс чечим чыгарса, биз ошого макулбуз. Бизде филология илимдеринин эки кандидаты, эки доктору эмгектенет. Алардын баары иштерин ушул фольклористика тармагында жактаган. Калган адистерибиз да илим жаатында магистратураны окуп жаткандар жана окуп бүткөндөр. Азыр эми биздин отуз пайыз кызматкерлерибиз ишин таштоого мажбур болушту. Мындан сырткары биздин 4 штатты алып Улуттук илимдер академиясына берип коюшту. Бул дагы реалдуу баа берилбегендиктен болду. Окумуштуулар, коомчулук ушундай чабуулдарга унчукпай отурганына таңмын”.
"Академия жоюлбайт, жетекчи дайындалат"
Академиянын президенттигинен кеткен Талантаалы Бакчиевден бир нече ирет маек алуу аракетибизден майнап чыккан жок.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бөлүм башчысы Октябрь Капалбаев “Манас” улуттук академиясын жоюу же башка жерге көчүрүү тууралуу сөз болбогонун айтты:
“"Манас" улуттук академиясын жоюу жөнүндө эч кандай сөз болгон жок. Академия эч жакка көчпөйт, ордунда эле калат. Башында "Манас" эпосуна тиешеси бар мекемелерди бир жерге топтоштуруу жөнүндө эле сөз болгон. Келечекте Боз-Бөлтөктө да “Манас” эпосуна байланыштуу мекемелерди бириктирген бир комплекс ачылганы жатпайбы. Ушундан улам гана “Манас” театры менен “Манас” академиясын бир имаратта жайгаштыруу тууралуу сөз болгон. Академия өз ордунда эле. Азыр тапшырма бердик, имараттын бир тарабында академия, бир тарабында Инвестиция тартуу агенттиги иштей берет. Академияга болгону жаңы жетекчи дайындалат”.
"Академия театрга бириксе, анда театр статусун да өзгөртүү керек болот"
“Манас” улуттук академиясын жоюу же аны Улуттук “Манас” театрына бириктирүү тууралуу жүрүп жаткан сөздөр боюнча белгилүү манасчы Рыспай Исаков мындайча ой айтты:
“Биринчиден, мен академия жоюлсун дегенге каршымын. Ал Топчубек Тургуналиевдин кызылдай мээнети менен түзүлгөн. Барды карманып, андан ары улантып кетсек жакшы. Жетекчиси алмашып кеткени башка маселе, бирок жоюлсун дегенге кошулбайм. Ал эми “Манас” театрына кошулат деген кептер боюнча пикир айтсам, анда театрдын да статусун өзгөртүш керек болуп калат. Анткени "Манас" академиясында пропагандалоо, изилдөө иштери бар, алардын баары театрга кошула турган болсо, анда театр Манас улуттук борбору кылып макамын өзгөртүү керек болуп калат. Экинчиден, театр имараты чакан болгондуктан эки жамаат батпайт. Ошондуктан жети өлчөп, бир кесишет деген ойдомун”.
“Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы президенттин жарлыгынын негизинде 2019-жылы январь айында түзүлүп, тиешелүү каражат, атайын имарат бөлүнүп берилгени менен, бир нече айдан кийин гана иштей баштаган.
Буга ошол кезде академияны уюштурууга бөлүнгөн каражаттын реалдуу талаптарга шайкеш эместиги жана академиянын жетекчилик ордун талашкан жагдай себеп болуп жатканы айтылган.
Академиянын алгачкы жетекчиси Топчубек Тургуналиев 2019-жылы өзү сунуштаган долбоор боюнча академияда 46 киши иштей турганы, алардын маянасына, имаратты кармап турганга, илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөнгө, Ысык-Көл эл аралык форумун өткөрүүгө жана башка чыгымдарга жалпысынан 75 миллион сом талап кылынарын билдирген.
Бирок өкмөт бул долбоорду карап чыгып, 35 адистин кызмат ордун бекитип, академия сураган жылдык бюджетин да кыскарткан.