Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Алкоголдук ичимдиктерге “Манас” деген ат коюуга тыюу салуу сунушталды


“Манас” эпосу.
“Манас” эпосу.

Кыргызстанда өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардын жана чылымдын аталыштарына “Манас” эпосундагы каармандардын - Манас, Семетей, Сейтек, Бакай, Каныкейдин аттарын коюуга тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жазып, 19-декабрда коомдук талкууга коюлду.

Документтин маалымкат-негиздемесинде алкоголдук ичимдиктер, тамеки адамдар арасында таптакыр башка баалуулуктарды жайылта турганы көрсөтүлгөн. Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, аны бузган жеке адамдарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 1 млн сом айып пул салуу сунушу берилди.

Кыргызстанда өлкөнүн, борбор калаа Бишкектин атынан аталган, “Манас” эпосундагы каармандардын ысымы менен чыккан спирттик ичимдиктер бар.

“Манас” эпосу “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” үчилтигинен турат. Эпостун манасчы Сагымбай Орозбаковдон 1920-жылдары жаздырылып алынган 19 миң саптан жана манасчы Саякбай Каралаевден жаздырылып алынган 937 миңден ашуун саптан турган варианты классикалык болуп саналат.

2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган.

2022-жылы 28-сентябрда “Манас” улуттук академиясы түзүлгөн. 2021-жылы “Манас” театры ачылып, “улуттук” макам алган, манасчылар, дастанчылар жана төкмө-акындар үчүн шарт түзүлгөн.

2013-жылдын 4-декабрында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун “Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын” тизмесине кирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG