Кыргызстанда манасчылар өз өнөрүн жаңы технологиянын жардамы менен жайылтууну үйрөнүп жатышат. Мындай долбоорду "Манас" театры менен "Интерньюс-Кыргызстан" уюму менен биргелешип ишке ашырууда.
Долбоор алкагында өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан келген манасчылар мобилографияга жана өз өнөрлөрүн коомдук тармактарда жайылтуу ыкмаларын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
"Манасчыларга да мобилография керек"
Манасчылар “Манас” эпосунда камтылган маанилүү жалпы адамзаттык накыл ойлорду жана баалуулуктарды заманбап аудиторияга, айрыкча жаштарга жеткирүүнү каалайт. Бул үчүн Инстаграм, Фейсбук, Тик-Ток сыяктуу популярдуу социалдык тармактарда контент жаратып, кыргыз тилдүү аудиторияга эпос тууралуу кызыктуу маалыматтарды бергиси келет.
Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн Улуттук “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу "Интерньюс-Кыргызстан" уюму менен иштешүүнү демилге кылган. Манасчы эл аралык уюмдар менен кызматташуу пайдалуу болот деп эсептейт. Биймырза уулу былтыр төкмө акындар үчүн "Интерньюс" уюштурган бир жарым жылдык окутуулар өз жемишин бергенин айтты.
“Интерньюстан" окугандан кийин мен тааныган акындар таптакыр башка жакка өзгөрдү. Дүйнөнүн кенендигин түшүнүштү. Биздикинен башка дагы жашоолор бар экенин туюшуптур. Мен аябай сүйүнүп, ыраазы болуп калдым. Анан өзүм "Интерньюска" бардым. Эмне үчүн бир мамлекеттик театрда бирге иштеген төкмө акындарды окутабыз да, дастанчылар менен манасчылар көңүл сыртында калат? Бизди дагы окуткула деген сунушумду бергем. Ошол сунуш колдоо таап, бүгүн окутуп жатышат”.
"Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Элина Каракулованын айтымында, уюм жамааты мындай сунушту дароо колдоого алган.
“"Манас” – кыргыз элинин улуу эпосу. Анда кыргыз улутунун гана эмес, жалпы адамзаттын дүйнө таанымынын негиздери, маанилүү накыл ойлор жана маданий коддор, баалуулуктар камтылган. Ошондуктан биз манасчылардын кайрылуусуна макул болдук".
Муундарды бириктирген долбоор
2023-жылдын июнь айынын аягында "Интерньюс" манасчылар үчүн Кемин районундагы арчалуу токой арасында төрт күндүк семинар өткөрдү.
Анда Кыргызстандын бардык аймактарынан келген манасчылар үчүн стратегиялык пландаштыруу, медиа сабаттуулук, СММ жана мобилография боюнча сабактар өтүлдү.
Окутууларга Бишкек шаарынан сырткары Ош облусунун Алай районунан, Баткендин Лейлегинен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан жалпы 21 манасчы катышкан. Алардын катарында 72 жаштагы Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү манасчы Назаркул Сейдракманов болсо, аларды ээрчиген 10 жаштагы бала манасчылар да бар.
Семинарда эл артисти Түгөлбай Казаков, Аймен Касенов жана Максат Жумабеков сыяктуу ар кыл тармактагы адистер устаттык кылып, алар манасчылар менен эпосто камтылган улуттук, салттык жана дүйнө таанымдык баалуулуктарды коомдук тармактар аркылуу жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан.
Ошондой эле манас айтуучулар маалыматтык медиа сабаттуулуктун негиздери менен таанышып, фактыны пикирден айырмалоо, көз жазгырууну, фейкти аныктоо, маалыматтын аныктыгын текшерүү жолдорун үйрөнүшкөн.
Мындан сырткары CapCut мобилдик тиркемесин колдонуу, смартфонго видеону тартуу, монтаждоо, видеоконтенттин сапатын жакшыртуу үчүн интернет кызматтарын колдонуу боюнча да сабак алышкан. Уюштуруучулардын айтымында, тренингдин соңунда “Манасты” жайылтуу боюнча стратегиялык план иштелип чыккан.
Семинардын жүрүшүндө манастан үзүндүлөр тасмага тартылып алынган. Аларды жакынкы арада "Интерньюстун" Ютуб каналынан көрүүгө болот.
"Манас" - улуттук маданий код"
"Интерньюстун" семинарына катышкан 11 жаштагы жаш манасчы Касымбек Бердикулов бизге сабактардан үйрөнгөн ыкмалары тууралуу ой бөлүштү:
"Жалпы манасчылар менен Чоң-Кеминде бирге болгонума кубанып турам. Анткени мендей жаш манасчылар белгилүү манасчылар Назаркул Сейдракманов, Рысбай Исаков, Азиз Биймырза уулу, Нурбек Талантбековдордун манас айтканын угуп таасирлендик, жүрүм-турумунан үлгү алдык, өрнөгүн үйрөндүк. Медиасабаттуулук боюнча сабак окудук. Тик-токту, инстаграмды, фейсбукту кантип туура пайдаланууну үйрөндүк. Ошондой эле практика жүзүндө манас айтканыбызды CapCut тиркемесинен кантип монтаждоону билип алдык”.
Касымбек учурда Баткен обулусунун Лейлек районундагы Жети-Таш айылында жашайт, Шери Ташполотов атындагы мектепте 5-класста окуйт.
Манасчы Нурбек Талантбеков соцтармактардан алыс жүргөн манасчыларга бул сабактар жакшы мүмкүнчүлүк түзгөнүн белгиледи:
“Манасчылар үчүн таасирлүү сабактар болду. Жалпысынан 21 манасчы катышты, алардын ичинен төртөө-бешөө аксакалдар болсо, калгандары жети облустун аймактарынан келген жаштар болду. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жакшы жыйынтыктар окутуу учурунда эле көрүнө баштады. Маселен, социалдык тармактарды буга чейин колдонбогон манасчылар үйрөнүп, колдонгондор дагы да билимин өркүндөтө алды. Эми экинчи сабак август айында музыканттар менен бирге болот. Анда улуу эпосту музыканын тили менен элге заманбап кылып, ошол эле учурда салттуулугун жоготпой кантип жайылтабыз - ушул маселелерди талкуулап, жаңы ыкмаларды үйрөнүү алдында турабыз”.
Интерньюста кыргыз тилдүү медиаларды өнүктүрүү боюнча координатор Максуда Айтиеванын айтымында, жаңы долбоордун максаты - манасчылык өнөрдү даңазалоо:
“Биз “Манасты”, манасчылык өнөрдү кыргызга Жараткандан берилген оомат, дөөлөт деп билебиз. Кыргыздын ушундай маданий коддору сөзсүз түрдө контент аркылуу элге тарап турушу керек. Мунун мааниси зор, анткени атадан балага, муундан муунга өтүп, кылымдарды карытып келген улуу эпосто жашоодогу нечен жылдык мол тажрыйба, элдин болгон баалуулуктары камтылган. Ал баалуулуктарды тереңден билсек, биз өзүбүздү жакшы тааный алабыз. Бул башка элдерде жок өзгөчөлүк жана мүмкүнчүлүк. Ар бир улут өзүнүн улуттук маданий коддорун ала жүрүш керек. Ошондуктан биз манасчыларды колдодук жана колдой беребиз. Алгачкы семинарда манасчылык касиет эмне, акыл эс менен айткан манасчы менен жан дүйнө менен айткан манасчылардын айырмачылыгы тууралуу сабак болгон”.
"Айрымдар чочулаган уюмдар чыгармачыл адамдарга кам көрүүдө"
Эксперттердин бири - Кыргыз Республикасынын эл артисти Түгөлбай Казаков. Ал былтыр төкмө акындар уюм менен “Билим айтыш” долбоору аркылуу иш алып барганда, аларга да устаттык кылган. Казаков алардын алган тажрыйбалары майнаптуу болгонун кеп кылып, алдыда манасчылар менен жасалчу иштер да жакшы жыйынтык берет деп ишенип турат.
“Бизде ушундай бир туура эмес түшүнүк бар, эл аралык уюм десе эле башка мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бизди талкалап жатат деген. Бул жерде "Интерньюс" чыгармачыл адамдарды колдоп жатат. Былтыр 21 төкмө акынды окуткан. Ал акындар бир жыл ичинде бир топ өстү. Мурда аллитерация, уйкаштык кубаласа, азыр ой кубалап калышты. Бир нечеси 4-5 термеге чейин жазышты. Маселен, Кутман Садыбакасов деген жаш төкмө акын Кадамжайда зордукталып каза болгон кыз тууралуу ыр чыгарды. Дагы бир кичинекей кыздын арманын Жамайка Токонова жазды. Акындардын өскөнүн Илимдер академиясындагы акындарды изилдеп жүргөн окумуштуулар да айта баштады. Ал эми манасчыларды да биз сыртынан эле билип жүрөбүз да. Эми булар менен иштей турган иш көп. Азыр алдын ала убада берип күпүлдөй бербейли. Канча ишибиз майнаптуу болорун алдыдагы сабактардан көрөрбүз. Эң башкысы, бул жан дүйнөнү өстүргөн иш болуп жатат. Чыгармачыл адамдын жан дүйнөсүн ар убак колдоп туруу керек".
"Интерньюс" чыгармачыл адамдардын дүйнөсүн ачып, семинарлар аларга жакшы эргүү тартуулашы үчүн чоң калааны эмес, абасы таза табияттарды тандоону оң көрүшкөн. Ошондуктан манасчыларга пландалган алдыдагы семинар 13-16 август күндөрү Тамгадагы “Чегедек” руханий борборунда өтөт. Анда манасчылар менен катар төкмө акындар да катышат. Акындар эл ичиндеги актуалдуу темаларды термеге салууну колго алса, манасчылар эпостон баян айтышат.
Манасчылык өнөр кыргыздын руханий, маданий дөөлөтү экени маалым. Атактуу манасчы Саякбай Каралаевден жазып алынган эпостун 500553 саптуу көлөмү жана көркөмдүгү жагынан дүйнөдөгү зор эпос катары Гиннестин рекорддор китебине катталган. Байыркы доордон ушу күнгө чейин эчендеген манасчылар өз вариантын айтып өтүшкөн. Ушундан улам “Манас” эпосу эл ичинде нечендеген доордо бышып-жетилип, толукталып, даңазага айланган зор мурас деп эсептелет.
"Манасчылык өрнөрдүн күчү технолгия доорунда да күчүн жоготпойт"
Белгилүү манасчы Замир Баялиев манасчылык кыргыз элинин гана энчисине жазылган өнөр экенин, аны азыркы замандын талаптарына ылайыкташтырып өнүктүрүү зарыл экенин айтат:
“Манас – биздин касиеттүү, өрнөктүү жолубуз, дүйнө таанымыбыз. Буга манасчылардын сейрек чыккандыгы, жашоодо башкаларга үлгү болгондугу мисал боло алат. Ар бир манасчылынын аян алганы окшош, бирок окуялары ар башка. Аян алган манасчылар аттуу манасчы жана жөө манасчы болуп экиге бөлүнөт. Аттуу манасчыларга өңүндө Аккула, Мааникер, Айманбоз тулпарлардын тукумунан ат мингизген учурлар болгон экен. Карбоз уулу Келдибек, Кумар уулу Бекмурат (Балыкооз) аттуу манасчыларга кирсе, калгандары илгертен жөө манасчы экени айтылып келет. Аттуу манасчылардын айтканы 40-50 миллион сапка чейин жетип, кырк чоронун төрөлгөндөн өлгөнүнө чейинки окуяларды айтчу дешет. Аян алган манасчы өз жолун таап өнөрүн өркүндөтпөсө, абдан кыйналат, турмушта өксүйт, кырсыктап калышы мүмкүн. Мындай учурлар көп. Манасчылык өрнөрдүн күчү технолгия өнүккөн доордо да күчүн жоготпойт. Анткени анын деми, энергетикасы, касиет-күчү көөөнөргүс. Эпостун маңызы ушунда. Анткени адамзаттын өзөгү байланып турат".
Баялиев азыркы манасчылар, айым манасчылар тууралуу буларды кошумчалады:
"Азыр да уучубуз кур эмес, улам манасчылар чыгып жатат. Илгертен аялзатынан да манасчылар чыгып келген, бирок алар сейрек болгон. Анткени манастын жүгү оор. Аял манасчылардан мен семетейчи Сейдене энени көрүп батасын алып калдым. Кийинки учурда көл жергесинде Зууракан деген апабыз манас айтып элге белгилүү болду. Кезинде Сагымбай манасчынын эки кызы да манасчы болгон экен. Бирок күйөөлөрү түшүнбөй, ур-токмокко алып, ачык манас айтпай өтүшкөн экен. Азыр да манас айткан жаш кыздар көп эле болот, бирок чоң турмушка аттангандан кийин эле кабары чыкпай калат. Учурда өлкөдө манас айткан мырзалар арбын болгону менен, бул өнөрдүн артынан түшүп, элге кеңири таанылган 20дай эле манасчы бар. Алардын баары “Манас” театры ачылганда кабыл алынган”.
Манасчылык өнөрдү коомчулукка жайылтуу долбоору Кыргызстандагы USAIDдин колдоосу менен "Интерньюс" уюмунун "Медиа-К" долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат.
Былтыр төкмө акындар менен болгон “Билим айтыш” долбоору акындарды медиасабаттулук боюнча окутуп, алар фейктер менен троллдорго каршы төгүшкөн. Долбоор август айында “Ынтымак 2” паркында республикалык айтыш менен жыйынтыкталып, жаш төкмө акын Кутман Садыбакасов баш бейгени жеңип алган эле.