Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

"Эр Төштүк" эпосунун энциклопедиясы жарык көрдү


"Манас" улуттук академиясы "Эр Төштүк" эпосунун энциклопедиясын басып чыгарды. Бүгүн 28-февралда энциклопедиянын бетачары өттү.

Академиядан кабарлашкандай, китепке “Эр Төштүк” эпикалык эпосунан миңден ашуун түшүнүк кирди.

“Эр Төштүк” энциклопедиясынын презентациясы.
“Эр Төштүк” энциклопедиясынын презентациясы.

“Эпостун контексти аркылуу кыргыз элинин дүйнѳ таанымы, тарыхы, дүйнѳгѳ кѳз карашы, психологиясы, жашоо образы изилдөөгө алынган. Бул жыйнак кенже эпостордун кыргыз фольклор таануу илиминин тарыхындагы алгачкы көлөмдүү басылмасы жана тажрыйбасы” деп билдирди академия.

Иш-чарага өкмөттөн, Түркиянын жана Казакстандын элчиликтеринен өкүлдөр, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери катышты.

Энциклопедия 1 миң нуска болуп басылып чыкты. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG