U-23: Азия чемпионатында грек-рим күрөшүнөн балбандар жети медал алды

Аманат Самат уулунун Азия чемпионатындагы беттештеринин бири.

Иорданиянын борбору Амман шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын балбандары грек-рим күрөшүнөн 27-апрель, мелдештин биринчи күнүндө жети медал алды.

Аманат Самат уулу (67 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) алтын, Аркыт Орозбеков (130 кг) күмүш, Акыл Сулайманов (60 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Алибек Бердиев (77 кг) жана Бекзат Орункул уулу (82 кг) коло медал тагынышты.

Мелдештер 30-июнга чейин болот.

22-26-июнь күндөрү 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары алты, грек-рим күрөшүнөн эки жана кыз-келиндер күрөшүнөн да эки байге алышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Байден менен Трамптын дебатында Украинадагы согуш тууралуу сөз болдуТИМ Алматыда кабат үйдөн кулап каза болгон кыз тууралуу маалымат бердиМосквадагы “Сахарово” борборунда Кыргызстандын 124 жараны кармалып туратТотуяев Пакистандагы элчи кызматынан бошотулганын "бир тараптуу чечим" деп баалады27-июнь: Орусия мигрантты үйүнө айдоо амалын тапты, Кыргызстанда уран казууга уруксат берилди