Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:08

Байден менен Трамптын дебатында Украинадагы согуш тууралуу сөз болду


Жо Байден жана Дональд Трамп СNN телестудиясындагы дебатта.
Жо Байден жана Дональд Трамп СNN телестудиясындагы дебатта.

АКШда 27-июнда Жо Байден жана Дональд Трамптын президенттик шайлоо алдындагы алгачкы дебатында талапкерлер Украинадагы согуш жана тышкы саясат боюнча карама-каршы пикирлерин айтышты.

Дебатта Дональд Трамп “эгерде АКШда чыныгы күчтүү президент болгондо Орусия коңшусу Украинага басып кирбейт болчу” деп айтты. “Ал (ред: Владимир Путин) мени менен ойноого болбосун билет” деди Дональд Трамп.

Ал эми Жо Байден Владимир Путинди “согуш кылмышкери” деп атап, эгер Орусия Украинадагы согушта ийгиликке жетсе, ал Киев менен токтоп калбай турганын эскертип, “ал миңдеген адамды өлтүрдү” деди.

Эки саясатчынын алгачкы дебаты Атлантада СNN телестудиясында болду. Эми экинчиси ABC News телеканалында 10-сентябрда өтөт.

АКШдагы президенттик шайлоонун тарыхында дебат алгачкы жолу эртелеп, добуш берүүдөн төрт ай мурун жана талапкерлерди расмий көрсөтүүгө чейин (июль-август айларына пландалууда) уюштурулду.

АКШнын 45-президенти, бул өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган республикачы, 77 жаштагы Трампка каршы жалпысынан төрт иш козголгон. 30-майда Нью-Йорк штатындагы сот арачылары аны документтерди фальсификациялоо иши боюнча айыптуу деп тапкан.

Азыркы, 46-президент Байден 81 жашта. 2009-2017-жылдары ал АКШнын 47-вице-президенти болгон.

Трамп да, Байден да шайлоо өнөктүгүндө Ак үйдөгү жетишкендиктерине таянып, бирин бири АКШ үчүн коркунуч катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат.

АКШда кезектеги президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрда өтөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG