Ошто “Хизб ут-Тахрир” уюмунун лидерлери жана мүчөлөрү кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Ош шаарында Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 30га жакын лидерлери жана активдүү мүчөлөрү кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Ошто жашыруун жыйналыш өткөрүү учурунда колго түшкөн. Кармалгандардын үйлөрү тинтүүгө алынып “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” уюмуна таандык китеп, баракча жана электрондук жабдыктар табылган. Андан тышкары мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дарылар алынган.

Тергөөдө 16 адамга кылмыш иши козголуп 14 адамдын иши соттук кароого жиберилген. Беш киши боюнча кошумча тергөө улантылууда.

Сот 2003-жылдан бери баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салган. Ага “Йакын инкар”, “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшүл-Махди”, “Ансару л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген. (BTo/DSh)

Дагы караңыз

Депутат Масалиев ЖКда мыйзам, токтомдор талкуусуз өтүп жатканын сындадыКыргызстанда 100 миңден ашык ККМ машиналары колдонулуп жататЭл артисти Сагынбек Ишенов акка моюн сунду“Эргүү” улуттук театр сыйлыгы тапшырылдыБоливияда президент өлкөдө төңкөрүш кылуу аракети болуп жатканын айттыЕвропа чемпионаты: Плей-офф баскычына өткөн курамалар аныкталды26-июнь: Президент Жапаров карындашы үчүн кечирим сурады, Тажикстанда бүбү-бакшы камалат