Депутат Масалиев ЖКда мыйзам, токтомдор талкуусуз өтүп жатканын сындады

Жогорку Кеңеш.

Улуттук банктын жаңы жетекчиси Мелис Тургунбаев Жогорку Кеңештин 27-июндагы жыйынында өлкөнүн негизги банкынын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчёт берди.

Депутат Элдар Сулайманов Улуттук банктын былтыр аткарган иши парламенттин тиешелүү комитетинде жакшы талкууланганын жана Мелис Тургунбаев бул кызматка жаңы эле келгенин эске алып, отчётун талкуусуз эле добушка коюуну сунуштады. Жыйынтыгында анын демилгеси колдоо таап, отчёт жактырылды.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев парламентте мыйзам долбоорлорун, токтомдорду талкуулабай эле кабыл алуу адатка айланып баратканын сынга алды.

“Конституция жана мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин 2-3 эле функциясы бар. Анын ичинде Улуттук банктын төрагасынын маалыматын, отчётун угуу. Мурда Жогорку соттун да төрагасынын да отчёту угулчу эле кийин алып таштады. Ошентип парламенттин укуктары азайып баратат. Кимде суроосу жок болсо суроо берүүгө жазылбай эле койсо болот. Бирок калган депутаттардын оозун жапканды токтотпосо болбой калды. Беш киши суроо берем десе 25 адам оозун жаап коёбу?”, - деди ал.

Мелис Тургунбаев 26-июнда Улуттук банктын жаңы жетекчиси болгон.

Жогорку Кеңеште буга чейин да мыйзам долбоорлорун, ар кандай маселелерди суроо-жообу жок эле кабыл алуу боюнча сунуштар берилип колдоо тапкан учурлар болгон. Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев 26-июнь – бул жолку сессиянын акыркы күнү экенин, ушундан улам күн тартибине киргизилген бардык маселелерди карап жетишүү зарыл экенин айтты.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган. Мыйзам чыгаруу бийлигинде сегиз комитет, алты фракция, эки депутаттык топ бар. (BTo)

Дагы караңыз

Эл артисти Сагынбек Ишенов акка моюн сунду“Эргүү” улуттук театр сыйлыгы тапшырылдыБоливияда президент өлкөдө төңкөрүш кылуу аракети болуп жатканын айттыЕвропа чемпионаты: Плей-офф баскычына өткөн курамалар аныкталды26-июнь: Президент Жапаров карындашы үчүн кечирим сурады, Тажикстанда бүбү-бакшы камалатБишкекте Бангладештин 56 жаранына 100 миң сомго чукул айып салындыЗеленский фронттун кармаш жүрүп жаткан тилкесине барды