Европа чемпионаты: Плей-офф баскычына өткөн курамалар аныкталды

Грузиянын курама командасынын оюнчулары.

Футбол боюнча Европа чемпионатынын тайпалык оюндары жыйынтыкталып, плей-офф баскычына жолдомо алган улуттук курама командалар аныкталды.

Плей-офф баскычындагы атаандаштар:

  • Швейцария – Италия;
  • Германия - Дания;
  • Англия - Словакия;
  • Испания - Грузия;
  • Франция - Бельгия;
  • Португалия – Словения;
  • Румыния - Нидерланддар;
  • Австрия - Түркия.

Плей-офф баскычындагы оюндар 29-июнда башталып, 2-июлда аяктайт. Бул курамалардын ичинен Грузия быйыл Европа чемпионатында дебют жасап, 1/8 баскычка өттү.

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июнда башталган. Чемпионатка 24 өлкөнүн курама командалары катышып, тайпалык оюндардан кийин плей-офф баскычына 16 команда өттү.

Чейрек финал 5–6 июлда, жарым финалдык беттештер 9-10-июлга белгиленген. Финалдык оюн 14-июлда болот. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте Бангладештин 56 жаранына 100 миң сомго чукул айып салындыЗеленский фронттун кармаш жүрүп жаткан тилкесине барды Сеул аэропорту Түндүк Корея учурган "таштанды шарынан" улам үч саат иштебей турду26-июнь: Президент Жапаров карындашы үчүн кечирим сурады, Тажикстанда бүбү-бакшы камалатКазакстанда менчик бала бакчада жапырт уулануу катталды