U-17: Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 10 медал алды

Кыргызстандык спортчулар жана машыктыруучулар.

22-26-июнь күндөрү Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын балбандары 10 медал алды.

Эркин күрөштөн Садыр Кайыпбеков (45 кг), Өмүрбек Асан уулу (60 кг), Нурсадык Нурдинов (65 кг) алтын, Нуртилек Замирбеков (51 кг), Курсантбек Исаков (55 кг) күмүш жана Самидулло Алимжанов (80 кг) коло байге алды.

Грек-рим күрөшүнөн Ислам Темирбеков (48 кг) менен Элдар Мурзакулов (55 кг) коло медал тагынышты. Ал эми кыз келиндер күрөшүнөн Асема Төрөгелдиева (49 кг) жана Асель Жапарова (61 кг) коло байге алды.

Эркин күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Кыргызстандын курамасы командалык эсепте экинчи орунду багындырды. (BTo)

Дагы караңыз

ЖК улуттук банктын төрагасы Бөкөнтаевдин кызматтан кетүү арызын колдодуСадыр Жапаров карындашы Лаззат Нургожоева үчүн элден кечирим сурадыСелден улам бир райондо жана үч айыл өкмөттө өзгөчө кырдаал режими жарыяланды Ассанж күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алганы үчүн бошотулду25-июнь: Сотто Аскат Жетигенге сегиз жыл жаза суралды, Дагестанда кол салууда окко учкандар 21ге жетти