Жалал-Абадда бүгүн 24-июнда айрым аймактарды сел каптады. Элди кооптуу жерлерден эвакуациялоо жүрүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, саат 17:00 чамасында Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун тоолуу аймактарында жаап өткөн жамгырдан улам кокту-колоттон топтолгон сел Шайдан-Сай сайы аркылуу агып, Ноокен районунун Дооронбек Садырбаев жана Базар-Коргон районунун Кеңеш айылдарындагы сайга жакын жайгашкан үйлөргө суу кирген.
“Жерине ыкчам топ, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчылары жана өздүк курам тартылып, жаралган кырдаалды жөнгө салуу аракеттери жүрүүдө”, - деп билдирди мекеме.
Суу Садырбаев айыл өкмөтүнөн 10 үйдүн, 3 социалдык объекттин, Кеңеш айыл өкмөтүнөн 9 үйдүн короосун каптаганы айтылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24-25-июнда туруксуз аба ырайына жана нөшөр жаанга байланыштуу тоолуу аймактар, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөөрүн эскерткен. (TB)
Дагы караңыз
Бакай-Атада мөндүр эгин талааларына зыян келтирди24-июнь: Украинадагы согушка катышкан деген жаран соттолду, Австралияда теги тажик илимпоз абактан чыкты Ипотекалык батирдин чарчы метри 550-650 доллардын айланасында болотСевастополдогу окуядан улам Орусия ТИМи АКШ элчисин чакырды