Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:06

Бакай-Атада мөндүр эгин талааларына зыян келтирди


Талас.
Талас.

Таластын Бакай-Ата районунда бүгүн 24-июнда нөшөрлөп жааган жаандан жана мөндүрдөн улам айыл чарба талаалары зыян тартып, айрым үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бакай-Ата районунун акиминин орун басары Сейдимар Мамбетов билдирди.

Анын маалыматына караганда, жамгыр 15:30дар чамасында башталган:

“Күмүштак айыл өкмөтүнө караштуу Биринчи Май, Кыргызстан жана Боо-Терек айылдарында мөндүрдөн улам айыл чарба жерлери, өзгөчө төө буурчак жана буудай талаалары жабыркады. Учурда келтирилген зыянды тактоо иштери жүрүп жатат. Күмүштак айыл өкмөтүнүн аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды”.

Социалдык түйүндөрдө тараган видеолордон талаага эгилген төө буурчак жалбырактары күбүлүп калганын жана айылдагы айрым турак жайларды суу каптаганын көрүүгө болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24-25-июнда туруксуз аба ырайына жана нөшөр жаанга байланыштуу тоолуу аймактар, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөөрүн эскерткен. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG