Одесса шаары ракета чабуулуна кабылды

Украина.

Украинанын Одесса шаары бүгүн 24-июнда Орусиянын ракеталык чабуулунан зыян тартканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Шаардагы үйлөрдүн биринде өрт чыгып, жалын дээрлик 3 миң чарчы метрлик жерди каптады.

90дон ашуун өрт өчүрүүчү кызматкер, 20 техника тартылганы, төрт кишиге медициналык, 46 кишиге психологиялык жардам көрсөтүлгөнү маалымдалды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, «Искандер-К» канаттуу ракеталарынан экөө учурулду, алардын бирин токтотуп калууга үлгүрүштү. Экинчи ракета кайсы жерге түшкөнү тууралуу маалымат жок.

Орусия соккусу «Батыш өлкөлөрү жөнөткөн жаңы ракеталардын кампасына» каршы багытталганын билдирүүдө.

Харьков шаарында да дүйшөмбүгө караган түнү жарылуулар болгону кабарланды.

Украин президенти Владимир Зеленский 22-июндун кечиндеги теле кайрылуусунда өлкөнүн энергетика системасын коргоо чараларын дагы күчөтүүгө чакырып, Орусия июнь айынын башынан бери украин аймагына башкарылуучу бомбалардан 2,5 миңдейин таштаганын, алардын 700ү Харьковго туура келгенин билдирди.

Зеленский Батыштагы өнөктөштөргө Украинанын абадан коргонуу системасын бекемдөөгө көмөктөшүү өтүнүчүн кайталап, Орусиянын согуштук учактарын «кайсыл жактан учурулуп жатса, ошол жерден жок кылууга» мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды. (RK)

Дагы караңыз

Дагестан: Махачкала менен Дербентте эмне болду? "Бишкек" эркин экономикалык аймагында электрондук тамеки чыгаруу долбоору талаш жараттыСевастополдогу окуядан улам Орусия ТИМи АКШ элчисин чакырдыКыргызстан элинин ассамблеясынын өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктар берилди