Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:05

Дагестан: Махачкала менен Дербентте эмне болду?


Дагестанда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. 23-июнда Түндүк Кавказдагы бул жумуриятта согушкерлер синагогага, чиркөөгө жана полицияга кол салганда 20 чакты киши окко учту, 16сы жарадар болду. Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Президент Садыр Жапаров орусиялыктарга көңүл айтты.

23-июндун кечинде Орусиянын курамындагы жумурияттын борбору Махачкалада жана Дербент шаарында куралчан топ синагога менен чиркөөнү аткылаганда, православдар храмында өрт тутанган. Ошол маалда Махачкалада белгисиз бирөөлөр Жол кайгуул кызматынын бекетине кол салды. Бир нече сааттан кийин Дербентке жакын жердеги Сергокала айылында дагы бир атышуу катталган.

Бул тууралуу Дагестан республикасынын башчысы Сергей Меликов Телеграм-каналына жарыялаган видео кайрылуусунда айтты.

Расмий маалыматка ылайык, кагылышууларда полициянын 15 кызматкери жана беш жайкын тургун каза тапты. Маркумдардын арасында Дербенттеги православ чиркөөсүнүн диниятчысы Николай Котельников бар. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген шаарда байыркы жөөт жамааты жашайт.

Дагестандын Ички иштер министрлиги 16 киши жарадар болгонун, 13ү тартип коргоочулар экенин маалымдады. Бийлик дароо антитеррордук операция жарыялаган. Антитеррордук комитет кол салган беш киши жок кылынганын билдирсе, жумурияттын жетекчиси Меликов алты согушкер атып өлтүрүлгөнүн айтты:

“Террорчулардын дымып турган уюктарынын бардык мүчөлөрү аныкталмайынча издөө жана тергөө иштери уланат. Аларды сырт жактан да ким даярдап жүргөнүн биз жакшы билебиз”.

"112" Телеграм-каналы булактарына таянып, операция учурунда күч түзүмдөрүнүн 17 кызматкери набыт болду, 37си жараат алганын жазды. Канал жалпы жонунан 44 киши жабыркаганын кабарлады.

Орусиянын Тергөө комитети теракт беренеси менен кылмыш иш козгоду.

Кол салуудан көп узабай Орусиянын бир катар агенттиктери Сергокала районунун башчысы Магомед Омаровдун кармалганы тууралуу маалымат таратты. Маалыматта “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөсү Омаровдун эки уулу жана жээни терактка катышканы айтылат. Интерфакс үчөө тең операция маалында жок кылынганын жазды.

Ал эми партиянын Дагестандагы бөлүмүнүн басма сөз кызматы жетекчи партиянын катарынан чыгарылганын билдирди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президенттин атынан соңку кандуу окуяларда жакындарын жоготкондорго көңүл айтты.

"Президент [Владимир Путин] Крымда ракеталык соккудан жакындарын жоготкондорго жана Дагестанда өмүрү кыйылгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Баарына тиешелүү көмөк көрсөтүлөт, зарыл болгондорго медициналык жардам берилет", - деди Песков.

АКШнын Согушту изилдөө институтунун аналитиктери Дагестандагы окуяга "Ислам мамлекети - Вилаят Кавказ" террордук уюмунун аймактагы канатынын тиешеси бар болушу мүмкүн деп эсептешет.

Ал уюмдун Ооганстандагы канаты - "Ислам мамлекети - Хорасан" 22-мартта Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерт залына чабуул койгонун мойнуна алган. Алардын "Аль-Азаим Медиа" аккаунту Дагестандагы кол салуудан кийин "Кавказдагы ага-инилерди” кубаттаган пост жарыялады.

Орусиянын күч түзүмдөрү теракттын версияларын расмий жарыялай элек.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Дагестандагы куралдуу кол салууда набыт болгондорго байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

Мамлекет башчысынын катында Кыргызстан терроризмдин бардык түрлөрүнө каршы турары жана орус өкмөтүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдой турганы жазылган.

Былтыр 29-октябрда антисемиттик нааразылык акциясына чыккан миңге жакын адам Тель-Авивден учак каттамы келер алдында Махачкала аэропортун басып алган. Чогулгандар Израилге каршы нааразылык билдирип, жөөттөрдүн аймактан чыгарылышын талап кылышкан.

Бул Чеченстандагы согуштан кийин орус бийлиги ири шаарлардын бириндеги аэропортту бир канча убакытка толугу менен көзөмөлдөн чыгарган биринчи учур. Аэропорт каттамдардын учуп-конушуна жабылып, шаарга келген учактар башка аймактарга жөнөтүлгөн.

Дагестандын Саламаттык сактоо министрлиги аэропортто бери дегенде 20дай киши жараат алганын, алардын арасында күч органдарынын кызматкерлери, антисемиттик акцияга чыккандар дагы бардыгын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG