Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:21

Кыргызстан элинин ассамблеясынын өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктар берилди


Ала-Арча резиденциясы
Ала-Арча резиденциясы

24-июнда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ассамблеянын 30 жылдык, ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдык мааракесине карата иш-чара өткөрүлдү. Анда бир катар улуттардын өкүлдөрү президенттин жарлыгына ылайык, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.

Жыйында президенттин кайрылуусун мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуп берди.

Анда Садыр Жапаров өзү бийликке келген күндөн тартып өлкөдө улуттар аралык саясатты күчөтүүгө киришкенин, эл ынтымагын бекемдөө максатында “Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин ордун жана статусун жогорулатуу жөнүндө” жарлык чыгарганын айткан.

"Кыргызстанда жашаган этностук коомчулуктун эне тилин, маданиятын, үрп-адаттарын сактоого жана өнүктүрүүгө да шарт түзүлгөнүн айта кетейин. Ошону менен бирге орус тили расмий тил катары өзүнүн маанилүү ролун улантууда. “Канча тил билсең – ошончо адамсың” деген накыл кептегидей, тил аркылуу биз элибиздин сүйлөгөнүн эле эмес, дүйнө таанымын, руханий байлыктарын, көөнөрбөс баалуулуктарын арттыруубуз зарыл. “Кыргыз жаранын” мамлекеттик тилде, өзүнүн эне тилинде, расмий жана чет тилдерде эркин сүйлөгөн жаран катары калыптандырууга көмөктөшүү жана көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүүнү ишке ашыруу – бул бүгүнкү заман талабы экени жадыбызда болушу керек”, - деп жазылган кайрылууда.

Касмамбетов эл ортосундагы достукту, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Монополияны жөнгө салуу кызматынын башчысы, “Кыргызстан казактарынын ассоциациясы” коомдук бирикмесинин төрайымы, мурдагы депутат Гүлшат Асылбаева, Түрк диаспорасынын “Ахыска” коомдук бирикмесинин төрагасы Дурсунов Атамша, Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасынын орун басары, тажик улутундагы жарандардын Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин президенти Равшанбек Сабиров "Достук" ордени менен сыйланды. Толук тизмени бул шилтеме аркылуу көрсөңүз болот.


Кыргызстан элинин ассамблеясы 1994-жылы түзүлгөн. Анын курамында 29 улуттук маданий борбор жана коомдук бирикмелер бар.

Кыргызстан элинин ассамблеясын учурда Алмамбет Матубраимов жетектейт. Ал бул кызматка 2023-жылы 5-апрелде шайланган. Матубраимовго чейин ассамблеяны коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев жетектеп келген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG