Азербайжанда куралчан адамды колго түшүрүү операциясы маалындагы атышуудан үч полиция кызматкери жана бир жай тургун каза болду. Окуя бүгүн 24-июнда борбор калаа Бакунун чет жакасындагы Хазар районунун Шувелан кыштагында болгонун өлкөнүн Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратурасы билдирди.
Куралчан киши издөөдө жүргөн жаран экени, ал да жок кылынганы кабарланды.
Полициянын маалыматына караганда, куралчан кол салган кишинин аты-жөнү Ровшан Аллахвердиев, ал мурда бир нече жолу соттолгон. Колго түшүрүү аракети көрүлгөндө ал үй-бүлө мүчөлөрүнүн артына жамынып, ок чыгарган. (RK)
Дагы караңыз
Дагестан: Махачкала менен Дербентте эмне болду? Нетаньяху Рафахтагы операция аяктап баратканын айттыЧалдыбардагы жатак мектептин маселеси парламентте дагы көтөрүлдү Баткенде сел үч бодо малды, 14 майда жандыкты агызып кетти