Салык кызматынын төрагасынын орун басары 14-августка чейин камалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын коррупцияга шек саналып кармалган орун басары Адилет Дубанаев 14-августка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 21-июнда кабыл алганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Адилет Дубанаев кармалганы тууралуу 21-июнда маалымат тараткан.

Атайын кызмат тергөөдө “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда сатып алынган жабдуулардын баасы жана кызмат көрсөтүү акысы жүздөгөн эсе кымбат көрсөтүлгөнү аныкталганын билдирген.

Мекеменин маалыматы боюнча, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери жана башка кызыкдар адамдар 4 миллион 878 миң 894 долларлык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууда каражат кымырып алышкан.

Адилет Дубанаевдин адвокаты менен жакындары коюлуп жаткан айып боюнча комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Австралияда камалган теги тажикстандык окумуштуу эркиндикке чыктыУлуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев кызматтан кететСадыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты“Караван” соода борборунда эскалаторго буту кыпчылып калган кыз куткарылдыПрезидент Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен баратБаткенде сел үч бодо малды, 14 майда жандыкты агызып кеттиДагестанда куралдуу кол салуудан 15тен ашык полиция кызматкеринин өмүрү кыйылды