Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

“Караван” соода борборунда эскалаторго буту кыпчылып калган кыз куткарылды


Окуя болгон “Караван” соода борбору.
Окуя болгон “Караван” соода борбору.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы 23-июнда Бишкектеги “Караван” соода борборунда үч жаштагы кыздын буту эскалаторго кыпчылып калганы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.

Окуя болгон жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынан беш куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен кыздын бутун чыгарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.

Саламаттык сактоо министрлиги буту сынган кызга №3 шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында операция жасалганын жана абалы туруктуу экенин кабарлады.

Кыздын буту эскалаторго эмне болуп кыпчылып калганы тууралуу “Караван” соода борбору азырынча комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG