Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:17

Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты


Садыр Жапаров жана Владимир Путин. Архив сүрөт.
Садыр Жапаров жана Владимир Путин. Архив сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Дагестан республикасында куралдуу кол салууда курман болгондорго байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

Мамлекет башчысынын телеграммасында Кыргызстан терроризмдин бардык түрлөрүнө каршы турары жана Орусиянын өкмөтүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдой турганы жазылган.

23-июндун кечинде Дагестандын эки шаарында - борбор калаасы Махачкалада жана андан 130 чакырымдай аралыктагы Дербентте дээрлик бир маалда куралчан адамдардын кол салуусу болгон. Махачкалада православ храмы, синагога жана полициянын кайгуул бекети, ал эми Дербент шаарында православ храмы жана синагога бутага алынган.

Орусиянын курамындагы Дагестан республикасынын башчысы Сергей Меликов куралдуу кол салуудан 15тен ашык полиция кызматкеринин өмүрү кыйылганын билдирди. Ал карапайым элдин арасында да курмандыктар бар экенин айтып, бирок санын тактаган жок.

Тергөө комитети бир нече адамдын өмүрүн алган кол салууну “Теракт” беренеси менен иликтеп жатат. Кол салгандардын алтоо жок кылынганы кабарланды.

24-25-26-июнь Дагестанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG