Президент Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен барат

Садыр Жапаров. Архив.

Президент Садыр Жапаров 24-26-июнь күндөрү Бельгияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, мамлекет башчысы 25-июнда Бельгиянын королу Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун абалы жана келечеги талкуулана турганы айтылды

Сапардын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу биргелешкен документтерге кол коюлат. (BTo)

Дагы караңыз

Баткенде сел үч бодо малды, 14 майда жандыкты агызып кеттиДагестанда куралдуу кол салуудан 15тен ашык полиция кызматкеринин өмүрү кыйылды“Караван” соода борборунда эскалаторго буту кыпчылып калган кыз куткарылдыКыргызстанда 224 бала фостердик үй-бүлөлөрдө тарбиялануудаИзраилдин коргоо министри АКШга жөнөдүӨзбекстанда милициянын колунда каза тапкан киши боюнча териштирүү жүрүүдө