Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:46

Кыргызстанда 224 бала фостердик үй-бүлөлөрдө тарбияланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 1-июнга карата Кыргызстанда 224 бала 115 фостердик үй-бүлөлөрдө тарбияланып жатат.

Бул 2023-жылга салыштырмалуу 20% көп. Былтыр 1-июнда 188 бала ушундай үй-бүлөлөрдө каралып жаткан.

Ушул тапта фостердик үй-бүлө болуу үчүн дагы 45 талапкер министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө окуу үчүн каттоодо турат.

Фостердик үй-бүлөлөргө, жетим балдар, балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан үй-бүлөлөрдөн алынган балдар жана башка жагдайларга байланыштуу турмуштук оор кырдаалга туш болгондор жайгаштырылат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG