Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:31

Өзбекстанда милициянын колунда каза тапкан киши боюнча териштирүү жүрүүдө


Өзбекстан. Ташкен. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстан. Ташкен. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда милиция бөлүмүндөгү өлүмдүн чоо-жайы иликтенип жатканын бүгүн 23-июнда «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы жазды. Окуя 19-июнда Ташкент облусунун Бекабад шаарында болгону маалымадалды.

Милиция билдиргендей, бул күнү Бекабад шаардык сотунда 33 жаштагы жергиликтүү тургунга «Топтошуп алып, курал же бычак колдонуп, денеге атайылап оор залал келтирүү» деген берененин негизинде өкүм чыккан. Анын эки агасы өкүмгө нааразы болуп, сот залында ызы-чуу чыккан. Абалды жөнгөрүү үчүн күч кызматкерлери тартылып, экөөнү ички иштер бөлүмүнө алып кеткен.

Ички иштер бөлүмүнүн кире беришине келгенде алардын бири өзүн начар сезгендиктен инспекторлор кызматтык машинасы менен ооруканага жеткиришкенин, ал ошол жакан үзүлгөнүн, өлүмдүн себеби иликтенип жатканын милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Шохрух Гиёсов прокуратура органдарынын катышуусу менен иликтөө башталганын, бардык видео көзөмөл тасмалары чогултулганын, тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалганын айтты.

Коомдук активисттер каза болгон кишинин аты-жөнү Дилмурод Юсупвалиев экенин, ал 43 жашта болгонун, милициянын ур-токмогунан каза тапкан болушу ыктымал экенин, буга далил видеолор бардыгын жазып жатышат.

Мурдагы депутат Расул Кушербаев, Юсупвалиев ички иштер кызматкерлери сабаганда алган травмадан улам көз жумганын билдирип, «Күч органдарынын жарандарга ашыкча күч колдонуусун, денесине залал келтирүүсүн жана өлүмгө чейин жеткирүүсүн чечкиндүү түрдө айыптай турганын» белгиледи.

Былтыр декабрь айында Чирчикте тергөө абагында 22 жаштагы киши каза болгон.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму өзбек бийлигин жабык жайлардагы кыйноо жана зомбулук сыяктуу көрүнүштөрдү токтотууга үндөп келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG