Дагестанда куралдуу кол салуудан 15тен ашык полиция кызматкеринин өмүрү кыйылды

Дагестан.

Орусиянын курамындагы Дагестан республикасында 23-июнда болгон куралдуу кол салуудан 15тен ашык полиция кызматкеринин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Дагестан республикасынын башчысы Сергей Меликов Телеграмдагы каналына жарыялаган видео кайрылуусунда айтты.

Ал карапайым элдин арасында да курмандыктар бар экенин билдирип, бирок санын тактаган жок.

23-июндун кечинде Дагестандын эки шаарында - борбор калаасы Махачкалада жана андан 130 чакырымдай аралыктагы Дербентте дээрлик бир маалда куралчан адамдардын кол салуусу болгон. Махачкалада православ храмы, синагога жана полициянын кайгуул бекети, ал эми Дербент шаарында православ храмы жана синагога бутага алынган.

Тергөө комитети бир нече адамдын өмүрүн алган кол салууну “Теракт” беренеси менен иликтеп жатат. Кол салгандардын алтоо жок кылынганы кабарланды.

24-25-26-июнь Дагестанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда 224 бала фостердик үй-бүлөлөрдө тарбияланууда“Караван” соода борборунда эскалаторго буту кыпчылып калган кыз куткарылдыДагестан: Куралчан адамдардын кол салуусунан кеминде тогуз өмүр кыйылдыПашинян анын кетүүсүн талап кылган оппозиция утулганын айтты