Кыргызстанда 224 бала фостердик үй-бүлөлөрдө тарбияланууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 1-июнга карата Кыргызстанда 224 бала 115 фостердик үй-бүлөлөрдө тарбияланып жатат.

Бул 2023-жылга салыштырмалуу 20% көп. Былтыр 1-июнда 188 бала ушундай үй-бүлөлөрдө каралып жаткан.

Ушул тапта фостердик үй-бүлө болуу үчүн дагы 45 талапкер министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө окуу үчүн каттоодо турат.

Фостердик үй-бүлөлөргө, жетим балдар, балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан үй-бүлөлөрдөн алынган балдар жана башка жагдайларга байланыштуу турмуштук оор кырдаалга туш болгондор жайгаштырылат. (BTo)

Дагы караңыз

“Караван” соода борборунда эскалаторго буту кыпчылып калган кыз куткарылдыДагестан: Куралчан адамдардын кол салуусунан кеминде тогуз өмүр кыйылдыӨзбекстанда милициянын колунда каза тапкан киши боюнча териштирүү жүрүүдөКрымда ракеталык чабуулдан беш кишинин өмүрү кыйылды Бишкек-Ош жолунда жана Кадамжайда сел жүрдүКиев облусу ракеталык чабуулга кабылды