Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:17

Крымда ракеталык чабуулдан беш кишинин өмүрү кыйылды


Крым. 2023-жылдын 19-июну.
Крым. 2023-жылдын 19-июну.

Орусия басып алган Севастополь аймагында бүгүн 23-июнда ракеталык чабуулдун кесепетинен кеминде беш кишинин өмүрү кыйылганын, 127 киши жараат алганын орус тарап билдирди.

Бул үчүн орус бийлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүн айыптап, жабыркагандардын көпчүлүк бөлүгү Кара деңиз жээгинде сууга түшүп, эс алып жаткандар экенин белгиледи. Кассеталык ракетаны абадан коргонуу күчтөрү токтотуп калууга аракет кылганда ал кум жээктин үстүнөн жарылганы маалымдалды.

Орусиянын Тергөө комитети теракт тууралуу берене боюнча кылмыш ишин козгоду, Коргоо министрлиги бул чабуул үчүн жоопкерчилик АКШда деп билдирди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, каза болгондордун экөө тогуз жана эки жаштагы балдар, жараат алгандардын 27си да түрдүү курактагы балдар, алардын бешөөнүн абалын дарыгерлер оор деп мүнөздөп жатышат.

Севастополдун Орусия дайындаган губернатору Михаил Развожаев 24-июнду Аза күтүү күнү деп жарыялады.

Севастополь Крым жарым аралында жайгашкан. 2014-жылы Украинага таандык бул аймакты Орусия басып алган. 2022-жылы Орусия баштаган согушка чейин ал жер турист эң көп каттаган аймактардын бири болчу. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары былтыр, айрыкча быйыл эс алуу сезону дээрлик токтоп турганын, анткени Крымда Орусия аскердик бөлүк, казарма, кампа сыяктуу жүздөгөн объектисин жайгаштыргандыктан коопсуздукка коркунуч сактала берерин жазып, көрсөтүп жатышат.

Орусия Украинага толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган. Ошондон бери Украинанын ар кайсы аймактарында күн сайын адамдар өлүп, үйлөр, мекемелер кыйроодо. Миллиондогон украин жараны качкын болуп жүрөт.

Украина Орусиянын агрессиясын анын курал-жарагын өз аймагынан жок кылуу аркылуу гана арылса болорун айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG